www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан деген сөздү бардык чет элдик мамлекеттер Кыргызстан деп айта бербейт. Кээ бир чет элдиктер Кхейрхейстан, Кираджизастан, Кеаржеситан, Кайрайгайсатан деп айтышат. Андан сырткары Кёргистэн, Киргизистан жана Киргизстан деп айткандар да кездешет. Ал эми англис тилинде кыргызды көгиус деп айтары белгилүү. Ошол эле учурда, бизге өөн учураган айтылыштар да бар. Мисалы, армян тилинде Кыргызстан Кхыркхыстани деп айтылат. Дагы жакшы алыста болсо да армяндар бизди билип жүргөнү. Ал эми африканын кээ бир элдери Кхейрхейстан деп айтышат. Африкага Кыргызстандын эмне тийешеси бар деп ойлойм да, ошентсе өз тилине тууралап ушинтип айтышса керек.

Ирландиялыктар – Чирзистейн, корейлер – Килюгизистян, кхмерлер – КхиХсайСаСтан, португалиялыктар Киргизтоу деп айтышат экен. Даана кудай урган  Шри-Ланканын эли Кыргызстанды Кайрайгайсатан дешет экен, сатанага аз жерден жетпей калыптыр. Кытайча Кыргызстан деген сөз Кеаржеситан деп айтылса, лаостуктар – Зхан, Бирмалыктар – Каргякхстан жана грузиндер Киргизетчи деп айтышат. Эл эми эл аралык маданият тили эсептелген эсперанто тилинде Кыргызстан Киркуизистан деп айтылат.

Андан сырткары кыргызстандыктар да башка мамлекеттердин аталыштарын анын түп нускасынан таптакыр башкача айтышат. Мисалы, кыргыз тилинин нормаларына ылайык биз Кытай десек, кытайлыктар өздөрү Жонгуо деп айтышат, ал эми орустар бизден калька кылышып китай дешсе, көпчүлүк мамлекеттер чин дешет. Немистер мекенин Дойчлэнд деп аташат андан тышкары мамлекети Германия деп аталып жүргөнүн билебиз. Бирок аларды биз орустардан көчүрүп алып «немец» дейбиз, бул «немой» дудук деген сөздөн чыгыптыр.  Даниялыктар – Дэнмарк, таиланддыктар – Пратетай дешет. Ал эми биз айтып көнүп калган Корея корей тилинде Деамингуг деп аталат. Ал эми Япония япон тилинде Нихон деп аталарын билчү белеңиз.

Быйылкы жылдын өтө орчундуу окуяларынын бири француз журналисти Кыргызстанды дүйнө жүзүнө жамандап чыкты.
Кыргызстанга келип кыргыздын нан, тузун татып кеткен Эрин Финнерти аттуу аял француздук "Мэри Клер" журналына "Кыргызстан: жибектен героинге" аттуу макала жарыялап дүйнө элине жалпы кыргыздын абийирин айрандай төктү. Анын пикири боюнча кыргыздар буга чейин үлпүлдөгөн жибек сатып келишсе, эми героин менен соода жүргүзгөндөн башка кылаар айласы калбаган. Айрыкча Кыргызстан жалаң жалаптардын, күң болуп жашаган аялдардын өлкөсүнө айланганын баса айтып чыккан экен. Намыскөй кыргыздын көрүнүктүү жигит-кыздары - жаалдары келгенин жашырышпай, башкаларчылап кайдыгер, тымпыйбай ачык айтып чыгышты. Алар: "Эгерде автор эркек болгондо тумшугун гана талкаламакмын. Дүйнөлүк 24 тилинде жарык көргөн, миллиондогон окурмандары бар "Мэри Клер" журналы Кыргызстандын туризм тармагына олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Макалада бизди өнүкпөй калган өлкө катары айыптап, Кыргызстанда жалаң наркомандар менен сойкулар гана жашайт деген бүтүм айтылат. Ошол эле маалда "Кыргызстан Борбор Азиядагы башкаларга караганда эркин өлкө" - десе , Б.Рыскулова чет элдиктерди коштоп жүрүшкөн ММК, НПО өкүлдөрүн сындап, "туура эмес маалыматтарды башка ким бермек эле" деген оюн айтты. Ал эми Кыргызстанга бат-бат келип, кыргыздын жылкыларына үйүр алган Жаклин Рипар аттуу дагы бир француз аял макаланы жазган Эрин Финнерти америкалык уюмдардын кызыкчылыгына иштеп, өзү да америка атуулу экенин маалымдады. Макала кимдир бирөөлөр тарабынан буюртма мүнөздө даярдалышы да мүмкүн деген түкшөмөлүн да кошумчалай кетти. Ким талашат, Кыргызстанга бүгүн кимдер гана кирип чыкпайт, арасында кимдин дос, кимдин кас экенин маңдайына чийилбеген соң кантип ажыратасың. Эрин Финнертини ким бул жерде коштоп жүргөн, ошол адамдарды таап сураш керек, көп нерселерди айтып беришмек. Кыргыз деп күйүп жанган биердеги патриоттор - аалымдар, депутат, журналист, жазуучу кими болбосун патриот экенин ушундайда көрсөтөөр жакшы ыңгай келип туру. Өлкөнүн улуттук абийирине шек келип турганда намысы жалбырттап күйгөн берендер кайдасыңар, кезек силерде...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg       
 

 

 

Последние новости