www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду карьерасын Сауд Арабияда улантат.

"Аль-Наср" клубу футболчунун трансферин расмий түрдө жарыялады.

Маалыматка ылайык, Роналдунун айлыгы коммерциялык келишимдерди кошкондо жылына 200 миллион еврону түзөт. Келишим 2025-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Роналду "Аль-Насрга" эркин агент катары өттү. Буга чейин ал чуулгандуу интервьюдан кийин кеткен «Манчестер Юнайтедде» ойногон.

«Мен башка лига жана өлкөдөгү жаңы тажрыйбага кубанып жатам. Аль-Насра долбоору абдан шыктандырат. Командалаштарыма кошулуп, ийгиликке жетүүгө жардам бергени жатканыма кубанычтамын», - деди Роналду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости