www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юрий Гагарин деген “летуха” болгон, Хрущевдун жеке буйругу менен “майор” болгон. Кыргыз жергесинде мындай “секиргичтер” жайнап, быжырап жатат. “Көтанини” алалы былжып жаткан сасыктын бары ушул жерде. Кечегүнү Байден карылыкка кирише баштаганбы, мүшөккө чалынып оңколоп-тоңколоп кетти. Буга чейин карылыктын тамагын ичип аткан Байден “акебиз”  учакка чыгып бара жатып трампилинге чалынып жыгылган, вердолетко кирип баратып, байкуш башы менен “тарс” этип бир сүзүп алды эле, аз жерден жарылып кетет жаздады. Эми болсо мүшөккө чалынып элдин көзүнчө эт-бетинен кетти. Бул мүшөктү ким коюп койгон? Байден чалынарын билип так кетип аткан жолуна мүшөктү ким даап койо алат? Бир гана бул иш Орусиядан, анын ФСБсынан келиши мүмүкүн. Байден кетип бараткан жолго мүшөктү коюп койгон лейтенант бүгүн полклвник болуп дуулдап той өткөзүп жатат. Ал эми Байден байкуш балээге калды, Трамп деген эмки боло турган шайлоодо атаандашы муну угаар менен Байденди сынга алып чыкты. Билген кишиге Трамптын оюу жакшы. Трамп Байденди ээрден оодарып кайрадан АКШга президент болуп келсе Орус-Украина кармашы тамам болот. Ошол үчүн Трамп Байдендин ар бир мүдүрүлгөнүн карап турат. Ал эми Байден мүдүрүлмөк түгүл оңкосунан кетип атпайбы?

АКШнын мурдагы республикачыл президенти Дональд Трамп эгер кайра президент болуп калса, Орусия менен Украинанын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү уюштура турганын билдирди: "Биздин аскерде ок-дары жок, биз Украинага чоң сумманы, дээрлик бардыгын өткөрүп бердик. Биз элге жардам беребиз, бирок мен согушту токтоткум келет, анын уланышын каалабайм. Мен муну 24 сааттын ичинде токтото алам", - деди саясатчы.

Ошондой эле, Трамп эки өлкөнүн башчысын жакшы тааный турганын жана алар менен жакшы мамиледе экенин билдирди: "Мен аларды сүйлөшүүлөр бөлмөсүнө чакырам. Мен туура жолду билем. 24 сааттын ичинде булардын баары чечилет",-деди Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп тарапкерлеринин лоялдуулугу тууралуу айтып, өзүн атактуу Мона Лизанын сүрөтүнө салыштырды. Mirror басылмасынын маалыматына караганда, Трамп мындай “кызык билдирүүнү” S4C телеканалына берген маегинде айткан.Аны колдоп чыккан митингдеринин популярдуулугун жана бардык окуяларды ээрчиген тарапкерлеринин берилгендигин сыпаттап жатып, Трамп өзүн Леонардо да Винчинин атактуу шедеврине салыштырды.

"Мона Лизага баргандар бар - алар Мона Лизаны жакшы көрүшөт, аны көрүү үчүн жүз жолу барышат жана барган сайын жакшырып баратат", - деди саясатчы. Ал ошондой эле күйөрмандарын "20 жолу Бродвей спекталине" барган театр сүйүүчүлөргө жана "бир эле ырларды кайра-кайра уккан" рок-группалардын күйөрмандарына салыштырды. Трамп ошондой эле анын “Биринчи катардагы Жо" деп аталган күйөрмандары иш-чарага жетүү үчүн кээде митингге төрт күн калганда келишет деп мактанган.

Анын айтымында, ал азыртадан эле элдин арасынан эң берилген күйөрмандарын тааный баштаган. Ак үйдүн мурдагы жетекчиси анын тарапташтары “ал сүйлөгөндө эле эле ашык болуп калышарына" ишенет. АКШнын экс-президенти журналист Максин Хьюз менен жолугуп, өзүнүн берилген күйөрмандары тууралуу даректүү тасма тартууга макул болду. Аны менен болгон маектин кадрлары 11-июнда обого чыгышы керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости