www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышты.

Өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, бардык өлкө лидерлери, БА делегация башчылары жана Европа Кеңешинин президенти сөз сүйлөштү. Делегация башчылары региондун актуалдуу маселелерин, регионалдык интеграцияны, Европа Бирлиги менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле бардык багыттар боюнча, анын ичинде ЕБ менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү активдештирүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Борбор Азия памлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгында биргелешкен пресс-коммюнике кабыл алынды. Иш-чара резидент Садыр Жапаровдун атынан расмий кабыл алуу менен аяктады.

Эскерте кетсек, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болмокчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости