www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында (январь-март) Кумтөр кенинен 2 тонна 504 килограмм (80 511 унция) алтын өндүрүлдү. Бул туурасында "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 436 килограммга көбүрөөк казылган.

Өлкө бюджетине которулган салыктар, Социалдык фондго болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр 48,1 миллион долларын түздү.

"Көлөмдүн өсүшү биринчи кезекте рудадагы алтындын курамынын көп болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу. 2023-жылдын биринчи кварталында фабрикага жиберилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2,34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72,11 пайызды түздү. 2022-жылы бул көрсөткүчтөр тоннасына 2,27 граммды жана 67,46 пайыздык чекте болчу", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Кыргыз алтын" ишканасы үч айда өндүрүлгөн баалуу металлдын 2 тонна 412 килограммын 146,7 миллион долларга саткан. Бул 2022-жылдын биринчи кварталына караганда 26,8 миллион долларга көп экени белгиленди.

Ал эми бюджетке которулган салыктар, Социалдык фондго чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөр 48,1 миллион долларды түзгөн. Аны менен катар компаниянын чыгымы 91,7 миллион долларга жеткен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости