www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмне үчүн алдамчылар тарабы үлүш жерлерди сатып алганы үчүн Султан Оморов башында турган адамдарды жарандык ишти ызы-чуулуу кылмышка айлантышып камап жатышат. Сатып алынган жерлерге рейдерлик кылгандары аз келгенсип «өлгөндүн артынан көмгөн» кылышып каматып салганына жол болсун! Министрлер кабинетинин жерди амнистияга алуу тууралуу мыйзамынан соң, мыйзамдын кээ бир пункттарын уруп ойнобой карапайым элди кысмакка ала баштаган коопсуздук кызматкерлерине жага бербей калды. Бишкек шаарынын жана айлана-тегерегиндеги аймактардагы калктын саны жыл сайын арбып баратканы менен турак-жай фонду ордунан «былк» этпей, калкты үй менен камсыздандыруу иштеринин мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе болуп калды. Качан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өз функциясынын оңдурарлык аткарбай калган соң , эл бул иштерди өз колуна алат.
Көп жылдар мурун элдердин тобу 77 гектар үлүш жерлерин Аламүдүн районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 172 контурунунан сатып алышып, бул жерлерди жеке үй -жай курууга трансформациялаш үчүн документтерди чогулта баштаган, бирок 2022 жыл жетип келип, жер амнистиясы башталып кетти.
Өз үлүш жерлерин качандыр бир убакта саткандар шүйшүнүшүп, алакандарын ушалап, бул жерлерге үй курса болот экен, анан бул үлүш жерлерден абдан пайда тапса болот экен дешип, катуу «дүң» кылышып, анан бул адамдарга бул жерлерди сатканы тууралуу эч кимге айтышпай, алдамчылыктын туу чокусуна жөрмөлөп чыгышып, ал эмес бул иштерге Мамлекеттик каттоо баштаган тиешелүү мамлекеттик органдарды тартканы кызык. Бүгүнкү күнү мыйзамдуу түрдө 700 үй ээлөөчүлөрдөн документтер пакетин чогултуп, жол салышып, электр линияларын өткөргөндөрдү алдамчылыкка шылтоолоп күнөөлөп жатышат. Азыр токтоосуз Султан Оморовду бошотууну эл талап кылып жатат. Алар Башкы жана райондук прокуратуранын алдында акцияларды өткөрүштү.
Андан тышкары кармалгандардыгн арасында башка адамдар да бар, бул Асылбек Калмурзаев өзүнүн ден соолугунун начардыгынан сот имаратынан тез жардам чакырышкан. Саламаттыгы өтө начар болсо да бары бир ИВСга жөнөтүлгөн. Бул өтө тыкандык менен даярдалган акция, чындыгы жер боюнча көз көрүнө алдамчылар билмексен болушуп, күнөөсүз адамдарга жалааларды жаап, аларды күнөөкөр кылышып, өздөрү бейкапар чет мамлекеттерге ойноп кеткиси бар.
КРнын Министрлер кабинетинин жер амнистиясын өткөрүү боюнча 2022-жылдын 31-майында бекитилген токтомуна ылайык 291 пунктунда минтип жазылган, «Жер амнистиясынын субьекттери жоопкерчиликтен бошотулат, КРнын Кылмыш –жаза кодекси жана КРнын Кодекстеринде каралгандай тартип бузгандар жана өз каалагандай жер участокторун ээлеп алгандар жана өз каалагандай ал жерлерге курулуш ишин баштагандар «КРнын Кылмыш-жаза кодекси, КРнын Кылмыш-жаза –процессуалдык кодекси, КРнын Кодекстериндеги өзгөртүүлөр тууралуу» сыяктуу бул мыйзамдар чыкканга чейин болсо, жоопко тартылбайт». Бирок биздин коопсуздук органдар «өзүн-өзү билишип, өтүгүн төргө илишип» орус эли айткандай «келесоого шапка алып кел дешсе, ал башы менен кошо алып барыптыр» дегендей болуп жатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg