www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн айда Сокулуктун сот залынан, сот өкүм чыгарыш үчүн кеңешмелер бөлмөсүнө кирип кеткенде, Сокулук районунун экс айыл өкмөтү, Урмат Чодуев качып кеткени туурасында жазып чыгышкан эле.

Ага прокурор, эки берене менен айып таккан. Биринчиси, кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу. Экинчиси, чоң суммадагы алдамчылык.

К.Чодуевге сот, 3 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

Анан дагы эң кызыгы ошол күнү Чодуевге, Сокулуктун акими, Орок айыл өкмөтүнүн орун басары кылып дайындоого буйрук чыгармак экен.

Ошондон кийин Сокулук РИИБи тарабынан издөө жарыяланып, кармалган. Анткен менен Сокулук РИИБи Чодуевди чойроңдотуп, эркиндикке чыгарып жиберүү ыктымалдыгы бар экени сөз болууда.

ТЭЦ 2 жаңы конушундагы кызыл китептерди чыгаруудагы коррупциялык иштерине Сокулук районунун экс-акими Курбанбек Айтибаевдин да катыштыгы бар экендиги айтылууда.

Андыктан, камактан У. Чодуев чыгып кетпестен, коррупция беренеси менен дагы жаңы иштер ачылышы керекпи?

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости