www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Боордошторубуз менен ыйык Рамазан айында, көктөм убагында жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын. Түрк академиясынын VI кеңешмеси жаңы идеялар, долбоорлор, сунуштар менен биздин кызматташтыкты дагы бир жаңы деңгээлге көтөрөт деген чоң ишенимдемин”, - деп билдирди Билим берүү министри Каныбек Иманалиев Эл аралык Түрк Академиясынын илимий кеңешинин жыйынында.

28-мартта Эл аралык Түрк Академиясынын илимий кеңешинин кезектеги VI жыйыны өтүп, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык маселелери, илимий-изилдөө долбоорлору, 2023-жылга карата түрк дүйнөсүнүн маанилүү даталарын бекитүү маселелери талкууланды.

К.Иманалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында Түрк академиясынын негизги илимий багыттарын ишке ашыруу боюнча Протокол кабыл алынды:

- Түрк дүйнөсүнүн тарыхый-маданий мурастарын изилдөө;

- Азыркы мезгилде түрк иденттүүлүгүнүн калыптанышы;

- Байыркы доордон азыркы заманга чейинки түрк тилдери;

- Түрк дүйнөсүндөгү экономикалык кызматташтык жана интеграция.

Мындан сырткары кеңешмеде Түрк Академиясынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жактырылды.

“Кийинки жылы Түрк Академиясынын илимий кеңешине 10 жыл болот. Илим, билим жана руханий багыттагы кызматташтык, өз ара интреграция маселесин карап келет.Түрк Академиясы "Түрк цивилизациясы" деген түшүнүктү жандандырууну негизги максат катары көрөт. Жалпы түрк чөлкөмү, жан дүйнөсү, цивилизациясы деген жаңы түшүнүктү бирдиктүү аймак катары карасак, түрк дүйнөсүндөгү интеграциялар жаңы бийиктиктерге жетишет деп ойлойм”, – деди министр.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев 2023-жылга карата түрк дүйнөсүнүн маанилүү даталарынын бекитилгенин жана ошонун алкагында быйыл кыргыздын ойчул акыны, агартуучусу Молдо Нияздын 200 жылдыгы белгилене турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости