www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз жанын кыйып, шейитке кеткендердин ааламында жашап жатабыз. Босогодо жыйырма биринчи кылым, алла-таллага ишенүү, шейит болуп кетүү каныбызда али да бар. Кыргыздар ислам динине качан киришти эле, биздин мамлекет ислам дининин кайсы багытында?

Пакистанда “Өлүм медресеси” бар. Бул медресеге атайын башка медреселерден ата-энеси жок жетим жана кудайга жан дили менен ишенген балдарды тандап алышат. Бул тууралуу ушул медреседен качып кеткен тарбиялоочуусу айтат.

Медресенин башкы багыты эмне? Бул медреседе жаш тарбиялануучулар артында издеп келген адамы жок жаш балдар болуш керек. Ата-энеси болсо да терең динге ишенген адамдар болуш керек. Анткени, бул жерде террор жасап өзүн-өзү шейит болуп өлтүрүүгө дайым-даяр балдар тарбияланат.Ошондуктан, диний сабактар жана алла-таллага терең ишенип, суроо-сопкуту жок жапжаш наристелер, биз шейит болуп тиги дүйнөгө кетебиз, ал дүйнөдөн бактылуу жашайбыз деген ишгеним канына сиңип калышат да, кайсы жерге болсо да жарылууга даяр турушат. 

Бул балдарды жардырарда белине бомба тагышып, мерчемдүү жерлерге жиберишет. Алар көздөгөн жерлерге жеткенде пульт менен бомбаны жардырышат, бомба да жарылат, бала да жок болот. Бала оюнда шейит кеттим деп ойлойт, ал эми жардырган топ канааттанып калат.

Бул балдар бекер эмес “Өлүм медресеси” эгер баланын ата-энеси болсо ишендирип, чет мамлекеттен дин жаатында окутабыз деп өзү алган доллардан бир-аз берип турат. Көбүнчө, ата-энеси согуштан каза болгон жетим-жесирлерди байкап балдарын атасынан өч алууга даярдамыш болуп алышат. Анткени жетимдердин и здей турган адамы жок. Бир баланын баасы “Өлүм медресесинде” 30 миң доллардан 50 миң доллар, аны сыртынан сатып алгандар үстүнө акча кошуп башкаларга сатат, ошентип отуруп жардыргыч балдардын баасы миллион долларга чыгып кетиши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости