www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2011-жылдагы президенттик шайлоодо президенттикке талапкерликке аттанган Камчы Ташиев менен Адахам Мадумаровго каршы бийликти колдоп мөөрөйдү алып берген Төрөбаев деген бар. Ошол үчүн Бабановдун «Республикасынан» бөлүнүп, өз алдынча «Өнүгүү» партиясын түзгөн. 2015-жылы Ташиевди мандатынан ажыратыш үчүн БШК менен аракет кылган. 2017-жылы жайында Жээнбековду колдоо үчүн аксакалдарды ортого салган тилеги орундалбай, Бабановдун алдына салып бериш үчүн Түштүктүн кыраандарын бириктиргени да таш капты. Эми Төрөбаев Ташиев менен бир аштоодон азыктанууда. Бабанов амбициясы күчтүү Төрөбаевди алдыга түртүп коюп мыйыгынан күлүп жатат.

2007-жылы «Ак Жол» партиясы парламентте 71 мандат менен келет. Үчүнчү парламенттин депутаты Камчыбек Ташиевди бир добуш менен Өзгөчө кырдаалдар министри кылып бекитет. 2009-жылы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Ташиевди жалаа аркылуу кызматынан четтетет. Ташиев эшикти тарс жаап чыгып кетет. Анын ордуна көп жылдары паарламентке депутат болуп келген Эргеш Төрөбаевдин «Ак Жол» партиясы менен парламентке келген уулу Бакыт Төрөбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кылып дайындашат. Бакыт Төрөбаев министр катары өзүн-өзү көрсөтө алган жок, балким бийлик алмашып Убактылуу Өкмөт бийликке келип анын Бабановдун «Республика» партиясына баш калкалаганы себеп болгондур. Бакыт Төрөбаев 2010-жылы Бабановдун «Республика» партиясы менен парламентке келет. Ошондуктанбы, 2017-жылы ал президентке талапкер Бабановго өзүн-өзү өкмөт башчысы кылып дайындап алган. Бабанов жеңилип качып кеткен соң башын жерге салып Атамбаевдин алдына барып кечирим сураганын элдин бары көрүп турду. Өсө турган бала болгон соң Атамбаевден кечирим сурабай эле, унчукпай койсо болот эле да. Ушул жерден «кыйшык» басып алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын алышы менен куттуктады.

«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сизди «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси сыйылыгыңыз менен чын дилимден куттуктайм!

Бул дагы болсо Сиздин ар дайыма «кыргыз элим үчүн» деп аткарып келе жаткан иштериңиздин дагы бир жолу чындап бааланышы деп эсептейм.

Мындан ары дагы эл-жерибиз үчүн көптөгөн жакшы иштерди талыкпай аткара беришиңизге чын жүрөктөн тилектешмин.

Сизге бекем ден-соолук, иштериңизге көптөгөн ийгиликтерди каалайм!», - деп белгилеген Төрөбаев.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган       

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

.

Последние новости