www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир эл көзүндөгү саясатчы, аткаминерлерди да өз аты-жөндөрүнөн сырткары каймана ысымдары, же болбосо “кличкалары” жандап жүрөт. Андай каймана ысымдар кылган ишине, жүрүм-турумуна, саясаттагы кадамдарына жараша берилген десек болот. Бирок көпчүлүк адамдар каймана ысымдардын таржымалдарын биле бербейт. Эмесе билип алыңыз, окурман.

“Комбайн”

Касымалиев Адылды ким билбейт, аны тар чөйрөдө “Комбайн” дешет. Бул “кличкага” ал кол алдындагыларга “чү” дегенде эле комбайнчасынан олчойгон “салыкты” салып, өзүнүн да, шефтеринин да капчыгын кампайтчу дешет. Ошондо аны карап күлүп, артты карап ыйлагандар аны “Комбайн” аташып, чачынан бутуна чейин сөгүп, ич күптүүлөрүн ичте сактап кала берчү экен. “Комбайн” атыгып жүрүп, ири капитал топтоп, бизнесин баштагандыгы өзүнчө узак сөз болуп айтылат. “Кличкасы” эле айтып тургандай, акчаны чындап эле комбайнчасынан басып койгон белем, учурда бийликти каржы жагынан колдоп, сүрөп, биринчи вице- премьерге  айланган.

“Торпедо”

Финансы министри Бакетаев Алмаз “Торпедо” “кличкасына” ээ болууда. Калп айткан менен болобу, Бакетаев Алмаздын саясаттагы жүрүшү артка кайтууну билбеген торпедону элестетет. Кемеден чыгарылган торпедо зуулдап барып, объектини барып талкалап, жок кылгандай эле Бакетаев Алмаз да көктүгүнө салганда, эр болсоң ага каршы чыгып көр. Ордунан бир козголуп, күүлөнүп алганда, ОБОН атыккан катындар шоона эшпей калышы ыктымал. Тийишкен депутаттардын сазайын берип, сөзүн бөлгөн спикердин айласын кетирип салат.

“Алпкара”

Убагында вице-премьер болуп жүргөн Аалы Карашевди тар чөйрөдө "Алпкара" деп тергеп коюшат экен. Мындай каймана аттын берилишин башкы себеби Атамбаевдин убагында балдызы башкы прокурор болсо, бир учурдагы генералдык прокурор , Конституциялык соттун төрайымы болуп келген илибой саясатчынын башына чай кайната ала турган Чолпон Баекованын карачечекей күйөө баласы. Арийне "кайын журтун кыйынбы?" деген тамаша ыр дал ушул  Аалы Азимовичке жарашат. Ал эми экинчи жагдайы Аалы анан Карашев  деген аты менен фамилясын бириктирүү менен "Алпкара" ысымын ыйгарышыптыр. Ыйгараганда да кыргызга аттын кашкасындай таанымал белгилүү эле чоң киши койгон экен.

«Уу коргошун»

Саламаттыкты сактоо экс-министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоо керек деп жүрүп ээ болгон. Мунун аты жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк масштабда «уу коргошун» атына татыган.

“Аптекарь”

Бул каймана ысымдын ээси –Садырбаева Жылдыз. Бизнесинен улам берилген “кличка”. Биз билгенден буга өзү чычалабайт экен. “Чындык ушундай да” деп жооп берет. Кыргызстандагы дары бизнесинде монополисттей эле орунду ээлеп, өлкөнүн аймагында ага тиешелүү жүздөгөн дарыканалар иштейт. Дарыканалары өтө көп болгондуктан, Садырбаева Жылдыз дарыканалардын бренди сыяктуу эле болуп калды. “Бийлигиң болсо байлык жасайсың, байлыгың болсо бийликке жетесиң” дегенди Садырбаева Жылдыз жакшы өздөштүргөн окшобойбу. Бизнеси менен байлыкка да, бийликке да жетип келе жатат. Бир гана жаман жери дарыларды эл-журтка кымбат сатып, пайда тапканды жакшы көрөт. Айрыкча пандемия учурларында.

“Чүчпара”

Тамактын аталышы кимдин “кличкасы” деп атасызбы? Экономика министри Амангелдиев Даниярдын тар чөйрөдөгү каймана ысымы болгонун көпчүлүк биле бербесе керек. Анын себеби, Амангелдиев Данияр чүчпараны өтө жакшы көрүп, чоң табит менен жейт. Ылайыгы, шарты болгон жерде чүчпараны жасатып жегенден жадабайт. Атүгүл, анын аркасын «массажисткасы» Токтайым Үмөталиева массаж жасап жатканда да жакшы көргөн тамагын жей берет. Бийлиги жок кезинде ашпозчуларынын жасаган чүчпарасын жеп жүрсө, эми министр кезде Токтайым Үмөталиева сыяктуу жалданмалардын колунан жасалган чүчпараны сугунуп, өзүнө массаж жасатып рахатка батат. Иштеген иши деле жарытпайт.

“Тико”

Бул каймана ысымдын ээси ким деп атасызбы? Сан арип министри Иманов Талантбекин “кличкасы” ушундай. Эмнеликтен экенин туюп атсаңыз керек. Көлөмүнөн улам ушундай каймана ысымга ээ болгон. Корейлердин өндүрүшүндөгү “Тико” автоунаасы автоунаалардын “миниатюрныйы” болсо, сакадай бою сары алтын Иманов Талантбек Кыргызстандагы аткаминерлердин “миниатюрныйы” окшобойбу. Жакшылап үңүлсөк, “Тико” “кличкасы каарманыбызга куп жарашкандай. “Тико” темир тулпары сапаты, ыңгайлуулугу менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанбай кое албайт. Барбаган, жүрбөгөн жери жок. Чакандыгынан улам автотыгындарда ыңгайлуу келип, буйтап-суйтап атып жеткирчү жериңе бат жеткирип коёт эмеспи. Анан “Тико” автоунаасынын темири консерванын идишиникиндей эле жука, назик эмеспи, Иманов Талантбектин да нервинин жука экени жамы журтка дайын. Билгендер анын болбогон нерсеге албууттанып, ачууланып, нерви ойноп кетмейи бар экенин айтышат.

“Жолчубек”

Жол министри Осоев ушундай атка конгон. Мурун бул каймана атка Акаевдин кезинде облустарды башкарып,андан соң Ак үйдүн жетинчи кабатынан түшпөгөн Акаевдин аяшы, бүгүнкү вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кайын атасы Тойчубек Касымов ээ болгон. Атына уйкаш “кличка” аталышы эле айтып тургандай, Тойчубек мырзанын бардык күч, тажрыйбасын жолдорду оңдоп- түзөөгө жумшагандыгынан улам пайда болгон. Кайсыл облуска губернатор болуп барбасын, 1-кезекте жолдордун абалына маани берип, жаңы жолдорду салдырып, эскилерин жамап-түзөп турганды адатка айландырган экен, кайран киши. Ушундан улам тар чөйрөдө аны Тойчубек эмес, Жолчубек деп атап калышкандыгы бар. Тойчубек Касымов өзү дагы бул аты менен сыймыктанчу экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости