www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хрущевдин БУУнун ассамблеясына барып ботинке менен трибунаны чапкылаганы курусун, ал өзүм билем болуп калган. «Улуу орус эли жарык чачкан таң» деп кыргыздар Орусиянын курамына кошулганынын 100 жылдыгын 1963 жылы салтанаттуу белгилеген. СССР мамлекет башчысы Хрущев келип жылаңачтанып алып Ысык-Көлгө түшүп, көп өтпөй кызматынан кол жууган. Крымды Никита Хрущев Орусиядан алып Украинага «подарить» эткени белгилүү. Ал эми Никита Хрущев Казакстандын дың жердүү түндүк облустарын Орусиянын карамагына өткөрүп берүү демилгесин көтөргөндө Казакстан КП БКнын 1-катчысы Динмухаммед Кунаев каршы чыкса, министрлер советинин төрагасы Жумабай Ташенов “Казакстандын бир кадам жери берилбейт, бул Конституцияда көрсөтүлгөн өлкөнүн бүтүндүгү принцибине туура келбейт. Эгер бөлүп ала турган болсоңор, анда эл аралык сотко кайрылабыз” деп Хрущевдон жалтанбай, тайманбай жооп бергенден кийин бул маселе экинчи каралбай, жабылуу бойдон калып, бирок Казакстан КП БКнын 1-катчысы Динмухаммед Кунаевге кекенген бойдон калып, Жумабай Ташенов кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Андан кийин Хрущев Казакстандын пахта эккен түштүк облусун Өзбекстанга өткөрүп берүү идеясын көтөргөн, ага Казакстан КП БКнын 1-катчысы Динмухаммед Кунаев кайрадан каршы чыкса, облустук компартиянын биринчи катчысы Юсупов бул демилгени колдогон.

Жыйынтыгында пахта эккен райондор Өзбекстанга берилип, Д.Кунаев акыры 1-катчы кызматынан кетип, ордуна уйгур улутундагы Юсупов Казакстан КП БКнын 1-катчысы болуп дайындалган. Бирок 1964 жылы Хрущев кызматынан оодарылып Казакстан КП БКнын 1-катчылыгына Динмухаммед Кунаев келип кайра куруу дооруна чейин жетектеген.1986 жылы анын ордуна Колбинди коюп казактар Желтоксан көтөрүлүшүнө чыгат. Орус Колбинди 1989 жылы жылдырышып ордуна Назарбаев келет. Кыргызстанда да Исхак Раззаковдун партиялык-уюштуруу иштериндеги, өлкөнүн айыл чарбасындагы кемчиликтери үчүн авторитардуу режимдин бийлик эгеси Хрущевдун жеке субъективдүү чечими менен иштен бошотулган. Ал эми кызматтан алынгандан кийин Кыргызстанга кирүүгө бийлик тарабынан уруксат берилбегени, бул албетте, Турдакун Усубалиев тарабынан болгон адилетсиз мамиле катары каралышы керек.

Пландуу экономиканын программасы боюнча КПСС БКнын бюро мүчөсү Д.Кунаев жетектеген Казакстанда, КПСС БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат Ш.Рашидов башкарган Өзбекстанда деле абал татаал болгон. Муну биринчи жолу Москвада КПССтин ХХVIII съездинде 1990-жылы июлда Өзбекстан Компартиясыныны 1-катчысы, Өзбек ССРинин президенти Ислам Каримов “Чем объяснить то, что Узбекистан, располагающий богатейщими сырьевыми ресурсами, уникальными природноклиматическими условиями, преобладающую часть производимой в республике продукции вывозит в качестве сырья и полуфабрикатов? Почему душевой национальный доход вдвое ниже среднесоюзного, а уровень потребления основных потребительских товаров и услуг один из самых низких в стране?” деп арай көзүн чарай кылып айтып, маселени кабыргасынан койгон.

Чындыгында эле Өзбекстан пахта, Казакстан дан, Кыргызстан мал чарбачылыгына багытталгандыгы Москванын мамлекеттик планы болгон. Аны Т.Усубалиев жасаган эмес. Д.Кунаев, Ш.Рашидов, Т.Усубалиевдер Москвадан бекитилген пландарды аткаруучулар гана болгон. Кээ бирөөнүн ушул жагдайды түшүнүп-түшүнбөй казармалык, административдик-буйрукчул системанын кемчиликтеринин бардыгына Т.Усубалиев “күнөөлүү” деп, атайылап анын терс образын түзүүгө жасаган аракеттери алардын жеке пикири.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости