www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мас болуп, талкуу жараткан милиционер иштен алынды

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн биринин жанында мас болуп жүргөн милиция кызматкерине жана анын жетекчилерине чара көрүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын инспектор-кинологу, милициянын ага лейтенанты Масат Нурбек уулу иштен бошотулду. Бул окуяга байланыштуу аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары тартиптик жазага тартылып, Кинология борборунун башчысы да кызматтан алынды.

“Жарандардын арыз-даттанууларын кароодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук фактыларына өзгөчө көңүл бурууда. ИИМдин жетекчилигинин ишинин негизги багыттарынын бири милицияны колу таза эместерден тазалоо болуп болуп саналат”, деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Бишкектеги дүкөндөрдүн биринин алдында формачан милиция кызматкери мас абалында турганы, айрым бир жоруктарга барганы тартылган видео тарап, ал талкуу жараткан эле.

Өткөн айда Нарын жана Жалал-Абадда уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү опузалап акча талап кылган жана аларды милиция кызматкерлери калкалаган фактылардан улам аталган облустардын милиция башчылары кызматтан алынган, кээ бир аймактарда кадрларды алмаштыруу, ротация болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости