www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Идея деген бар, идеяны ачык уурдабай жаап жашырып уурдашат. Бул жерде идеяны ачык эле уурдай баштады. Гиннеске жазылыш үчүн манасчы Дөөлөт 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан, бирок эки жыл өтпөй башка манасчы Гиннеске жазылып калды. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги “Манас” айылы этнокомплексине жетекчи болгон. “Манас» айылы президенттин иш башкармалыгынын балансында турат. Иш башкармалыгынын жетекчиси «Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн», ач көздүгү менен ааламга таанылган Каныбек Туманбаевдин кол алдында. Жер жайнаган биттей болушуп Каныбек Туманбаевдин «туманоиддери» бул жерди ээлеп алуу максатында Дөөлөт Сыдыковду “Манас” айылы этнокомплексинен сүрүп, чет мамлекетке айдашкан. Эми анын идеясын манасчылар уурдап алышып Гиннеске киришти. Бул туура деле эмес.
Кыргыз менен тектеш элдерде, айрыкча казак менен маданий жана адабий мурастарыбыз, бир болуп келатат: Баласагын, Кашгари, Фараби, көк бөрү, кара жорго, боз үй сыяктуу. Биз менен жармакташ келаткан казак эли бир убакта “Манас” эпосу бизге да тиешелүү деп талашкан экен. Ошондо казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов чыгып: “Баурдастар, “Манас” кыргыздыкы, “Манас” биздики деп талаша турган болсоңор, кана казак элинде бир манасчы барбы? “ –деп казактардын жаагын жап кылып, Манасты кыргыз элине ыйгарыптыр. Эгер Дөөлөткө окшогон манасчыларыбыз “Манас” айта алышпаса, анда кантип талашат элек? Башкысы Дөөлөткө окшогон манасчыларыбызга сыймыктанышыбыз керек. “Манас” эпосун ал Гиннестин рекорддор китебине кийирген жатса, Карганбек Самаков “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине кошуп, келечек кыргыздарга даңгыр жол чаап берди.
1950-жылдардын ортосунда атактуу манасчы Саякбай Каралаев менен менин атам бир бөлмөдө курортто дарыланып калышат. Айтып калчу эле жарыктык, жаңы барганда Саякбай Каралаевди ар ким чакырып, күнү-түнү жок болуп эл кыдырып жүрдү. Аяктап калганда чакыргандар бүттүбү, томсоруп эле бөлмөдө отуруп калды. Ушундай күндөрдүн биринде, эшикке чыксам бир “Волга” токтоп, ичинен салабаттуу адам чыгып, Саякбай Каралаевди издей баштады, мен жетип барып, азыр чакырып келейин деп, ээрчитип келдим. Экөө жашып, далайга кучакташып турушту. Көрсө, ал ааламды баш ийдирген атактуу жазуучу Мухтар Ауэзов экен. Ал белгилүү манасчы Саякбай Каралаевди урматтап атайын учурашканы келиптир деп. Ошол бойдон атам шаарга барган сайын “Дзержинский бульварынанда” турган Саякбай Каралаев көзү өткүчө барып учурашып турчу экен.
Кыргыз элинде эмне деген манасчылар чыкпады Найманбай, Акылбек, Саякбай, Сагынбай ошолордун изин суутпай Дөөлөт кыргыздын намысына жарап, дүйнөгө Манастын атын даңазалалап жаткан манасчы. 2020-жылдын 12-ноябры – Бүткүл дүйнөлүк рекорддор күнү. Кыргыз дөөлөтү Манас болсо, Манастын дөөлөтү –Дөөлөт. Мына ушу күнү манасчылык өнөрдү аздектеп келген манасчы Гиннестин рекорддор китебине катталуу аракетин кылды. Иш-чара борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айткан. Дөөлөт Сыдыков “Башканы коюп Манасты айт” сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракесинде — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл орусиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.
Дөөлөт Сыдыковдун ысымы ошол күнү эл арасына чагылгандай тарады. Ал 2020-жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт манас айтты. "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үйдөн Дөөлөттүн айтуусундагы "Манас" жарым күн жаңырып турду. Эпосту тыным албай узак убакыт айткан бул окуя дүйнө тарыхында алгачкы ирет болду.
Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн. Дүйнөгө “Манас” айтуу менен кыргызды тааныткан Дөөлөттүн аты, Гиннестин рекорддор китебине алтын тамгалар менен жазылып калса кыргыз эли сыймыктанар эле. Арийне, ьул жерде башка адамдардын аттары жазыла турган болду. Кыргыздан дагы кимдер Гиннеске жазылышкан:
Мамбет Мамакеев
Хирургдардын атасы, академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 30 миң операция жасаганы үчүн Гиннес рекорддор китебине кирген. Белгилей кетсек даңазалуу хирург, дарыгерлердин сап башы, миңдеген бейтаптарга шыпаа берген Мамбет Мамакеев 65 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган. Бул тууралуу өзүнүн тастыктаганы бар. Чарчап кеткен учурда операцияларды креслого отуруп алып жасайт. Күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегиз бейтап колунан өтөт. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.
Үсөн Кудайбергенов
Үсөн Кудайбергенов Кудайбергенов 1980-жылдардын башында «Генийдин өспүрүм кези» фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген. Ал 1949-жылы Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Жетиген уруусунан. Жаш талант 19 жашында «Жамийла» көркөм тасмасына кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Орусия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан.
1995-жылы өлкөдө «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, Кудайбергеновго чабандестерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Каскадер эки миллион сомго ат алып, атайын команда чогултуп даярдык көргөн. 2000-жылы ага каражатты сарамжалдуу колдонгон эмес деген кине коюлуп, эки жылга соттолуп кеткен.
Жеке жашоосунда министр Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына баш кошуп, жубайлар бир кыздуу болушкан. Экинчи жолу өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп эки уулдуу болгон. 2005-жылдын март айындагы Бишкектеги башаламандык маалында элдик кошуун түзүп талап-тоноолорго каршы коргоо ишинин башында турган. Ошол кезде Үсөн Кудайбергенов 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө атып өлтүрүлгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg