www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көзү өткөн кишилерди жамандоо эч кимге абийир алып келбейт, айрыкча Турсунбек Чынгышев сыяктуу мурунку өкмөт башчыларына. Усубалиевдин көзү тирүү болгондо Чыңгышевдин жазгандарын «чымын чаккандай» да көрмөк эмес. Ага билишинче жооп берип, калптарын эл көзүнө сууруп чыкмак. Көзү өтүп кеткен маркумга кыргыздар жаман сөз айтчу эмес, Чыңгышев Усубалиевди талкалап койдум деп манчыркап турган кези. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын кол каптай тез-тез алмашкан отуздан ашык өкмөт башчыларынын ичинен эң чабалы Турсунбек Чынгышев болгон. Ал Насирдин Исанов мезгилсиз кайтыш болгондон кийин кокусунан премьер-министр болуп калган да Акаевдин таманын тазалаш үчүн «Кумтөрдөгү» «алтын чырына» айласыз аралашкан. Ал “мамлекетти аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген көчө саясатчысынын деңгээлиндеги сөзү менен тарыхта калган өкмөт башчы. Бул сөздү да белгилүү адамдардан уурдап алган.

Башкаруучулук жөндөмү жок өкмөт башчы Турсунбек Чынгышевдин туура эмес жүргүзгөн приватизация саясатынын негизинде өзү айткандай мамлекеттик байлыкты талап-тоноо, уурдоо башталган. “Алтын чыры” боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын башында Усубалиев турган. Чынгышев “жазган” китебинде Усубалиевден өч алыш үчүн ар кандай негизсиз айыптарды коюп, каралоого аракет кылган. “И.Раззаковдун ордун Т.Усубалиев кутумчулук кылып тартып алды” деген сыяктуу жоромол, божомолдор туура эмес. Т.Усубалиев КПСС БКнын номенклатурасында турган, демек эртедир-кечтир катчылык орунга бармак. Андан тышкары анын Усубалиев жыйындарда көп сүйлөөчү деп айткандары да туура эмес. Коммунисттик съезддерде Леонид Брежневди айтпаганда, Ю.Андропов, М.Горбачев деле уктата турган отчет-программа катары түзүлгөн докладдарды бир -эки саат окушчу эмес беле, авторитардык режимдин өзүнүн “салты” ошондой болгон. Бул бардык эле коммунисттик лидерлерге мүнөздүү көрүнүш.

Ал эми Т.Чынгышевдин китебиндеги А.Жумагуловдун баяндамасына таянып, аны талдаганга өзүнүн билим деңгээли деле жетпейт болуш керек, “Т.Усубалиевдин айынан Кыргызстан чийки зат өндүрүүчү мамлекетке айланды” деген дооматы да негизсиз. Анткени Усубалиевден мурунку Раззаковдун убагында деле, андан мурун деле Кыргызстан чийки зат өндүргөн республика болуп келген. Же Чыңгышевдин оюнча мурун Кыргызстандын өнөр жайы катуу өнүгүп, Усубалиевдин учурунда гана чийки зат өндүргөн республикага айланды беле? Усубалиевдин учурунда көптөгөн завод-фабрикалар курулуп, алардын талап-тонолушуна Чыңгышевдин менчиктештирүүсү себепкер болгон.

  Ушул эскерүү китебин Т.Чынгышев өзү жазганына деле күмөн бар. Бир топ эле партиялык, коомдук, мамлекеттик ишмерлер, академиктер, генералдар эскерүү китептерин чыгарып жатышат. Алардын көбү бала болуп башына жүн чыкканы сабаттуу текст жазып көргөн кишилер эмес, алар жазуучуларга, журналисттерге материалдарын топтоп, калем акысын төлөп берип, буюртма менен жаздырышканын көрүп эле жүрөбүз. Ушундай жагдайды түшүнүп-түшүнбөй казармалык, административдик-буйрукчул системанын кемчиликтеринин бардыгына Т.Усубалиев “күнөөлүү” деп, атайылап анын терс образын түзүүгө жасаган аракеттери Кыргызстан компартиясынын съезд, пленумдарында Т.Усубалиевдин зериктирип узун доклад окуганын Т.Чынгышевдин “Воспоминания: события, люди” деген китебинен алса болот.

Мындай курч көйгөйлөрдү Москвада съезддин деңгээлинде көтөрүү ал кезде “белгисиз республика” деген атка конгон Кыргызстандын жетекчилеринин капарына да келе элек болчу. Партиянын Токмок шаардык комитетинин катчысы Т.Чынгышев болсо Москва менен кеңешмейин иш кылбаган А.Масалиевдин жарлыктарын аткарам деп чапкылап жүргөн кези, ал өзүнүн авторитардык режимде жашап, иштегенин деле аңдабаса керек. Кезинде Токмок шаарынын мэрлигинен өкмөт башчысына секирип, алын менен алпурушуп жүрүп, тез эле  Турсунбек Чынгышев “алтын чатагы” боюнча өкмөт башчылыгынан кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости