www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду.

«Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттер достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишти.

Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди биргелешип илгерилетүүдө.

Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, аларды жаңы практикалык мазмунга толтурууга мындан ары да ар тараптан салым кошобуз деп терең ишенем», - деп айтылат билдирүүдө.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости