www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус монахы Авель 1757 -1841 жылдары жашап өткөн экен. Мунун айткандары да көпчүлүгү туура чыгып турган. Анын айткандарына кайрылалы:

1. Екатерина II тууралуу: «…бир орундан былкылдабай, 40 жыл үлкөн бийлик жүргүзөт».

  1. Павел I: «бийликти өтө кыска жүргүзүп, өз жакындарынын колунан а дүйнөгө узайт».

3. Александр I: «Француздар Москваны анын көз алдында алышат, бирок тез эле Парижди чөгөлөтүп, дүйнөгө кадыр-баркы өсөт …».

4. Николай I: «Ишинин башталышы чатак менен башталып, акыры бул падышаны да туңгуюк соруп кетет …».

5. Александр II: « Боштондукка алып келген падыша катары аты чыгат. Крепостнойлорго эркиндик берет, Бирок «бунтарлар» ага жети жолу кол салышып, жетинчиси өлтүрүп тынышат».

6. Александр III: «Тынчтыкты сүйүүчү адам. Элди тынчтыкка жетелейт, бирок анын бийлик жүргүзгөнү аз эле убакыт болот».

7. Николай II: «Анын учурунда согуш болот, дүйнөлүк согуш. Абада адамдар чымчык сыяктуу учуп жүрүшөт, сууда адамдар балык сымал сүзүп жүрүшөт. Бирок алар бири-бирин кырышат. Жеңиш алдында падышалык такты кулайт... кудайды тааныбаган бийлик өкүм сүрө баштайт.Египеттин кандуу өлүм жазасы келет».

8.Октябрь революциясы жөнүндө: «…орус жергесинде скорпиондор пайда болот.  Ыйык нерселер таланып жоголот, чиркөөлөр күм-жам болуп, орустар бири-бирин өлтүрө баштайт».

9.Ленин: «…таз адам балтасы менен келип, узак башкара албаганы менен узак жылдар хрусталдуу табытка жатат...»

10.Сталин: «... чиркөөлөр тыптыйпыл жоготулуп, бир гана кийим кийген суук жүздүү адам келет. Бул адам көптөгөн адамдардын канын сорот».

11.Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу:  «…Батышта жаңы Батый пайда болот. Бирок орус күчтөрү баш кошуп, Батыйды тыптыйпыл жок кылат».

12. СССРдин тарашы жөнүндө: «Жетимиш жыл бийлик кылып шайтан-шабырлар орус жергесинен жок болот.Бирок шайтан-шабырлар карышкырдын терисин кой терисине алмаштырып Орус жергесин башкарууну улантышат».

13. Ельцин: «Орус жергесинде экинчи Борис пайда болот. Орусия тарап кетүү коркунучунда калат»

14. Путин: «Көп жылдарга орус запкы жейт. Бористин ордуна Владимир келет. Владимир орустардын баш көтөрүшү үчүн салым кошот. Орус калкы жалын сымал күйүп өөрчүй баштайт»

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости