www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкер Кадыр Сайдилкан Антарктиданын эң бийик жери Винсон чокусунда кыргыз туусун көтөрдү. Бул тууралуу УТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Ал бул күндү Кыргызстан үчүн тарыхый күн катары белгиледи.

«Биздин тарыхыбызда биринчи жолу кыргыз желеги Антарктиданын эң бийик (4892 м) Винсон деген чокусунда желбиретти! Ал эми муну бүгүн саат 6.00дө кыргыздын уулу Кадыр Сайдилкан жасады», — деп жазган Илим Карыпбеков.

Винсон чокусу (4892 м) – Элсворт тоо системасынын Сентинел кырка тоосунда жайгашкан, бүткүл Антарктидадагы аттас массивдин эң бийик чокусу. Массив 1957-жылы америкалык учактар ​​тарабынан ачылган жана атактуу америкалык саясатчы Карл Винсондун урматына аталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости