www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушуну эле күтүп тургансып министр Алымкадыр Бейшеналиев «уу коргошунун» унутуп, аны колдобогон кадрларды кайсай баштады. Бир нерсени таптакыр эстебей жатабыз, Кыргыз ССРинен айрылганыбызга 32 жыл болду. Бир гана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз ССРинен айрылгысы келбей бекем жанталашып жармашып алган. «Илибой» киши Саламаттыкты сактоо министрлиги турган көрнөктү карап көрсүн. Кыргыз ССРинин. Саламаттыкты сактоо министерствосу деген жазуу эмгиче өчпөй жазылып турганына баракелде! Эмне муну министрлер байкабайбы же байкаса да байкамаксан болушабы?

Кезинде Башкы прокуратура тарабынан 7 кылмыш иши козголуп айыпталып иштен алынган Алымкадыр Бейшеналиевдин кайрадан Саламаттыкты сактоо министри болуп келгени коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле.

Мына эми болсо министр Бейшеналиевдин өзүм билемдик кылык-жоруктары боюнча врачтар арыз-муңун айта башташты. Алымкадыр Бейшеналиевге буга чейинки күмөндүү ишмердүүлүгүнө байланышкан окуялар сабак болгон эмес көрүнөт. Келип эле өзүнө ыңгайсыз делген врачтарды күчтөп арыз жаздырып, ордуна өзүнүн сөзүн сүйлөгөн кызматкерлерди алып келип чалмакей чалып жатыптыр. 

Медицина тармагында дээрлик бери жагы 20-30 жыл иштеген, билимдүү, тажрыйбалуу врачтар куугунтукка кабылып жатышканын айтышып, социалдык тармак аркылуу президентке чейин кайрылууларды жасап жатышат. Врачтардын үнү, даты президентке жетип, мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлөбү азырынча айтуу кыйын.

Себеп дегенде, башка колго илинээр эч ким жок болуп жаткандай, кылмышка шектелип камалып кызматынан кеткен Бейшеналиевди ишмердүүлүгү күмөндүү экенине карабастан кайрадан министр кылган президент, жөнөкөй катардагы врачтардын даттанууларын кандай өңүттө кабылдайт чоң маселе.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости