www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төө-Ашууга жааган карды тазалоо иштери жүрүүдө

Төө-Ашууда кар жаап, тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу) 125-136-чакырым аралыгында жааган карды тазалап, жолго инертүү материалдарды чачып жатышат.

Өлкөнүн башка ашууларында дагы абал ушундай. Жааган кар аймактарды тейлеген жолчулар тарабынан тазаланып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости