www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыргыздын бир эрке талтаң кампири бар. Аты-жөнү Гүлнара-Клара Самат. Кыз кезиндеги аты-жөнү Клара Кабилова. Наристе кезиндеги фамилиясын ким билет.Кабилованын министри Кулубаев. Эт эмес же чел эмес, бары-жогу белгисиз коңулда күн кечирип жүргөн министрлердин сап башында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев турат. Министр болуп эмнени кыйратып жатканы түшүнүксүз. Жүрөт эптеп "өйдө тартса өгүз өлбөсүн, ылдый тартса араба сынбасын" деген арабөк абалда ың-жыңсыз... Мындан улам өлкө башчысы Садыр Жапаровдун дагы министрдин ишине ичи чыкпай, жакынкы аралыкта кызматтан алат экен деген сөздөр айтыла баштады. Ырасында, президент деле мажүрөө Кулубаевден чарчаса керек. 

Себеп дегенде, соңку жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты чеке жылытпай жатканы баарына эле маалым. Өзгөчө эзелтен өнөктөш катары саналган Россия менен дипломатиялык мамиленин солгундашы өлкөгө, өлкө башчысына болгон ишенимди кыйла эле төмөндөтүп жиберди. Анан ушундай кадрды бөпөлөп кармап отуруштун кажети барбы? Ишти тарта албай жаткандан кийин, ордуна эчак дасыккан дипломат бирөөнү коюп, тышкы саясаттагы алаканы жөнгө салуу зарыл эмеспи... 

Жээнбек Кулубаев колунан иш келбеген менен амбициялуу интриган экени, министрликтеги келечектүү кадрлардын баарын “ордумду ээлөөгө атаандаш болот” деген "арам максат" менен ар түрдүү шылтоолор менен ар кайсы жактарга которуп, алардын ордун жалаӊ гана өзүнө пайдалуу депутат, жетекчилик кызматта олтурган адамдардын уул-кызы, тууган уруктары менен толуктап алганы тууралуу сөздөр көптөн бери айтылып келет. Мына ушундай жеке кызыкчылыкты көздөгөн кадрдык туура эмес мамиленин айынан Тышкы иштер министрлиги кесипкөй-тажрыйбалуу адистерден аксап жатат десек жарашат.

 Ал эми биздин элчиликте эмне кеп? Атын улам өзгөртүп турган Гүлнара-Клара  Самат 2008-жылы «Максим Бакиев тийишти» деп хайп кармап, өлкөдөн чыгып кеткен. Унчукпай жүрүп кызматка келет, үн катпай жүрүп кызматтан кетет. Майлуу-сүттүү орундарга оңой эле жетип, креслодон турбай ишин кылат. Орусия жараны болгонуна карабай «Ата-Мекен» партиясына жабышып  Жогорку Кеңеште депутаттык төш белгини уялбай тагып, төрдө олтурган. Депутаттыкка 2015-жылы парламенттик шайлоодо «ата мекенчилердин» тизмесинен келген. Ал учурда деле ЖКга келгени менен адатынча үн каткан эмес.

Гүл-гүлүнөн жанган Гүлнара-Клара Самат ушул тапта Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиси. Кыргызстандагы чыгаан саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун ордуна топ этип түшүп калган. Жаңы бийлик келгенден кийин ар кимдин эшигин каккылап жатып, кызматка барганы эсибизде. Элчи болуп барганы алгылыктуу ишин көрө элекпиз. Орусияда миллиондогон кыргыздар болгону менен, короздой койкоюп, жардамга муктаж жарандарыбызга көңүл бурбай кашанын үстүндө олтура бергени кызык.

Бар менен жоктун ортосунда жүрө берген мындай элчилерден биздин бийлик уялбайбы? Элчи өлкөнүн жүзү болот эмеспи. Чыгаан саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун ордуна үн катпас аялды алып келип, элчи кылып койгон бийликтегилерге дагы сөз жок. Ау-у, бийлик ишенген Гүлнара-Клара Саматыңар менен аман эле болгула. Жок дегенде алыска барбаса дагы Маскөөдө жайгашкан Арбатка бир жолу барып, кыргыздарды аралап койсо «ой, мөлөдещ» деп коймокпуз. Мунуңарды кылкылдатып жүрө бербей арыдан-бери кылып, саясатта чоң орду бар Аликбек Жекшенкуловдой чыгаандарды элчи кылсаңар куп жарашмак.

Айтор Гүлнара-Клара Саматка телефон чалып койсоңор бир аз жамбашын креслодон көтөрөт беле?  – деген эле ой. Эгер сөзүбүз каттатийсе, "Извините божалуйста" демекчибиз, азыркыча айтканда оозу ботокс болсо дагы байдын байбичеси сүйлөсүн

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости