www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин ирандык кесиптеши Эбрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны менен эл аралык иштерде, анын ичинде Тегерандын БРИКС уюмуна келечекте мүчө болушун талкуулады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

"Эл аралык жана аймактык маселелерде кызматташууну кеңейтүү маселелери, анын ичинде Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө катары катышуусун, ошондой эле БРИКСтин ишмердүүлүгүнө кошулууга кызыкдарлыгын эске алуу менен талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сүйлөшүүдө Путин менен Раиси соода, энергетика, транспорт, логистика жана экологиялык тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү ниетин ырасташканы белгиленген.

Мындан тышкары, эки тарап тең «орус-иран мамилелеринин жетишилген жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришти», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгону расмий жарыяланган. 4-июлда уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн саммитининен соң ШКУнун Бээжин шаарындагы катчылыгынын имаратынын алдында Ирандын туусун көтөрүү аземи өткөн.

ШКУ коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости