www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтматовдун убагында Нурлан Калыбековдун кызматындагы адамдар маданият министрин коколоп коюшчу, азыр Нурлан Калыбеков баш болуп маданият министринин таманын жалап жүрөт. Каныбек Иманалиев деген Максүтов мурун министр болгондо да азыр министр болгондо колдогон адам болгон. Аны Жапаров ары уч деп үйлөп салган. Бул министр кыйраткан деле жок. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алганын маалымдап, чечимди ишке ашыруу милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөнүн билдирген. 

Мунун себебин TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулардын көбөйгөнү менен түшүндүргөн. Деги эле, бул Маданият министри Алтынбек Максүтовдун жапкандан башкага акылы жетпейби? Негизи эле иштей албай жүдөдү. Экинчи ирээт министр болуп жатса дагы иштин көзүн билбей чайналды. «Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн» деген абал. Деги эле «жаман иттин аты Бөрүбасар» дегендей эле, «жабылсын» дегенге маш экен. Бир нерсени өнүктүргөнгө караганда, жапкан, тыюу салганга акылдын кереги жок эмеспи. 

Дегенибиз, чыгармачыл Максүтов, министр болгондон бери «жаап, талкалап, жок кылыш керек» дегенди адат кылып алганы өкүнүчтүү. «Тик-Токту» жапса эле көйгөй чечилип калбайт. Жиндилер кала берет. Андыктан элдин маданиятын, аң-сезимин көтөрүү боюнча долбоор иштеп чыгып ишке ашырбайбы? Мурун «Азаттык» үн алгысы менен алышып жүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эгер “Азаттык” жабыла турган болсо өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) коррупцияны ашкерелеген макала жарыялоодо этияттап калышат деп эсептейт. Мындай пикирин депутат “Фейсбуктагы” баракчасына жазган.

Депутаттын пикиринде, ушундай эле ыкма дагы бир ЖМКга каршы колдонулгандан кийин баары унчукпай калат: “Жада калса социалдык түйүндөргө жазып жүргөндөр да унчукпай калышат. Медианы оңой эле жаап жатышкан жерде эркиндик менен мүлктү да оңой эле тартып ала беришет”, - дейт Бекешев.

Жакында Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 2022-жылдын 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы кийин белгилүү болгон. Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчил сындап чыгышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости