www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен киши эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү №1 тергөө абагында болот.
Эске салсак, 20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аялды 39 жаштагы мурунку күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган. Буга чейин деле үй-бүлөлүк зомбулук болуп келгени айтылат. Шектүү мурда соттолгон.
Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз республикасынын КЖКнын 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча кылмышка шектүү болуп 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жабырлануучуга 8 саатка созулган операция жасалган.
Булак: NazarNews.kg