www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Атакеси Атамбаевге таянып алып чалчаңдаган, Аламүдүндөн АШАнын миллиардаган акчаларынан четинен сууруп, ар кимге жалдырап жүрүп карматып депутат болгон «Молодой» Атамбаевди качан БШК оңколотору белгисиз, ага чейин эле Көк-Жар округу боюнча Бакировду оңкосунан сайды. Атасына эркелеп жүргөн бул кемчонтой канчага чейин депутат болот? Же Аламүдүндө депутатка тете тың кыз-жигиттер жокпу?

«Ким иштесе, ал тиштейт» депутаттыкка көз жүгүртүп ким эл үчүн иштеп жатат баам салып колдогондор бар. 2021-жылы 11- апрелде өткөн Жергиликтүү шайлоолордо Улан Жакебаев жеңишке жетип депутаттык мандат алган. Эмесе сөз ал жөнүндө болсун.

Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык Кеңешине тиешелүү Воронцовка айылында эки кабаттуу балдар бакчасы союз убагында эле курулган. Менчиктештирүү убагында мыйзамдан тышкары бул эки кабаттуу имарат балдарды күлкүсүнөн айырып, жеке менчикке өтүп кеткен. Мыйзамсыз болгон себеби, мектептер жана бала бакчалар сатылбай, мамлекеттин менчигинде калсын деген мыйзам бар. Улан Жакебаев жаштык энергиясына таянып, жеңин түрүнүп АРИС менен биригип ишке батыл киришкен. Бул иш узакка созулду, самыктырган жүзгө жакын сот процесси болуп өттү. Улан Жакебаев тикесинен-тик туруп ушул балдар бакчасын мамлекеттин балансына алыш үчүн АРИС менен биригип көптөгөн аракеттерди жасады. Акыры ал күткөн күн да келген. Эң алгачкы кадамы наристелердин күткөн тилеги болду. Балдар бакчасы наристелердин күлкүсүн чачтырып келечек үчүн иштөөнүн камында. Бул бала бакчасын алганы үчүн ырымдап 2 кой союп түлөө өткөзүп, ремонттоо үчүн усталарга шык берип келаткан Улан Жакебаевдин эмгегин айтпай кетсе болбойт.

Наристелердин келечегин ойлогон Улан Жакебаев андан тышкары балдар ойной турган атайын жайларды куруп келатат. 30 миң сомдук акча каражаты коротулган балдар ойной турган селкинчек жана башка оюндар үчүн жайлар айылдын жашоосуна көрк берип турат. Албетте, жаш наристелерге ким куруп жатканына иши эмне, аларга ушундай ойной турган жайлар гана керек. Бирок, алардын ата-энелери мындай азын-оолак курулуштарды куруп берип жаткан Улан Жакебаевге ыраазы. Мындан тышкары балдардын спорттук аянтчасынын жана жаңы мечиттин курулушуна демилгечи Улан Жакебаевдин демилгеси менен инвесторлор акча каражаттарын бөлүшүп, капиталдык курулушун баштоо алдында турат. Улан Жакебаевге тиешелүү «Горизонт» деген дүкөнү бар. Ушул дүкөндүн бир капталында Улан Жакебаев бир-эки бөлмөлүк чакан мечит ачып, ислам дининин жолун жолдогондор беш маал намаз окуганы  байма-бай каттап турушат. Мечитке каттаган мусулмандардын саны өсүп кеткендиктен, жаңы мечит куруу мезгилдин талабы.

Улан Жакебаевге ишенсе болот, ал инвесторлордон 200 миң сомдук акча каражатын таап Воронцовка айылындагы Сагындыков (мурунку Ленин), Горький, Комсомольская, Колхозная, Южная, Подгорная деген капкараңгы көчөлөргө жарык тактырып, бүгүнкү күнү шаардын көчөлөрүндөй жапжарык болуп турат. Сагындыков, Подгорная көчөлөрүнө жаңы суу түтүктөрүн орнотуп, башка көчөлөрдөгү уурдалып кеткен люктардын капкактарын тагып, бекемдеген. Асфальттарды суу каптап кетпеш үчүн көчө боюндагы арыктарды казып, кеңейтип көп жумуштарды аткарууда. Улан Жакебаевдин демилгеси менен Горький көчөсү асфальтталганы турат. Бул боюнча бардык долбоорлор даяр болуп калган. Айыл жашоочулары көчө боюна мурункудай таштандыларды ыргытышпай, таштанды чогулткан машина белгилүү убакытта таштандыларды чогултуп кетип жатканы да Жакебаевдин иш билгилигинен улам.

Өткөн Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Улан Жакебаев  топту жарып Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык Кеңешке депутат болуп келген. Депутат болуп келдим деп солдоюп басып калгандар бар. Бер-Булак орто мектеби Воронцовка айылынан итапкан алыс жайгашкан, ошого карабай ал мектептен да барып келип окугандар бар. Улан Жакебаев өз баласын ошол мектепте окутуп, төмөнкү класстын окуучусу болгондуктан күнүгө жеткизип барат. Депутат болдум деп менменсинбей, ал ошол алыс жакта окуган окуучуларды ала кеткени дурус иш. Башкалар болсо токтогондон да эринип, кол шилтеп кете бермек, анын адамкерчилиги ага алып барбайт.

Көпчүлүк көргөн коронавирус илдетинен Таш-Дөбө айыл өкмөтү да куру калган жок. Карантин учурунда Улан Жакебаев баш болуп айыл өкмөткө кире берген жерлерге жалпы айылдыктардын саламаттыгы үчүн күрөшүп, блок-постторду уюштуруп, ал жерге кезек менен жаштарды коюп, аларды азык-түлүк менен жабдып келди. «Горизонт» дүкөнү карантин учурунда да элди эң керек азык-түлүк менен камсыз кылып, жагдайга улам карызга да берип, ал эмес өтө аярлуу катмарларга гуманитардык жардам катары азык-түлүктөрдү бекер берип жатты. Мындай саамалыктарына эл ыраазы болду.

Маркумдарды узатууда да Улан Жакебаевдин демилгеси менен куралган жаштар, кезектешип маркумдарга акысыз жай казып бергени да аярлуу катмарлар үчүн чоң демөөр. Айылдыктар таза жүрүү этикасын сактасын деп, мончо куруп, ал жер элдин керегине жарап келатат. Ал айыл Кеңешине көптөгөн инвестиция тарта турган долбоорлор менен алпурушуп келатат. Көп долбоорлордун ишке аша турган убагы келди. «Кары келсе –ашка, жаш келсе-ишке» -дегендей жаш жана инерциялуу Улан Жакебаевдин айыл эли үчүн жасаган иштери көп. Андан дагы көп нерсе күтүүгө болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости