www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фарид Ниязов менен Сегизбаевди үлпүлдөткөн эксгубернатор Мирбек Асанакуновдун мончосу иштебей калды. Биринчи себеп, сүйгөн жары «сутенерша» «мамочка Гулкан» парламентке депутат болуп кеткен. Бул тууралуу өзгөчө сөз болот.
Экинчи себеп, ичүүчү суунун кескин тартыштыгына байланыштуу Бишкектеги мончо, унаа жуучу жайлар жана бассейндер жабылып жатат. Сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды. Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт. 2023-жылдын 4-июнуна карата тереңдиги 160-250 метр болгон 334 артезиандык скважина иштеп жатат. Акыркы жылдарда, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кетти. Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин б.а 241%га өскөн. Сууну керектөөнүн көбөйүшүнүн себептеринин бири жашыл аянтчаларды жана чарбалык аянттарды сугаруу үчүн ичүүчү сууну көзөмөлсүз жана сарамжалсыз пайдалануу болуп саналат.
Үчүнчү себеп, учурда «Орто-Алыш» суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Артезиандык скважиналардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында «Бишкексууканал» башкармалыгы менен Чүй суу чарбанын ортосунда көрсөтүлгөн суу алгычты толтуруу үчүн 11,0 млн м3 суу жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Көлдөрдү толтуруу жер астындагы суунун деңгээлин көтөрүүгө жана Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртууга жардам берет. Бирок мөңгүлөрдүн жай эриши менен мүнөздөлгөн шарттарга жана Ала-Арча дарыясында жана Чоң-Алыш каналында жер үстүндөгү суунун жетишсиздигинен улам, учурда толтурулган көлдөрдү толтуруу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкексууканал» башкармалыгына Чоң-Алыш каналынан жана «Орто-Алыш» магистралдык суу алгычынын көлмөлөрүн толтуруу боюнча бардык чараларды көрүү, Ала-Арча дарыясын, ошондой эле Орто-Алыш суу алгычынын суу толтуруучу көлдөрүн толтуруу үчүн альтернативдик суу өткөргүчтү куруу боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Төртүнчүдөн, ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында учурда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:
- Фрунзе, Айни, Боронбай, Садырбаев, Гагаринт көчөлөрүн суу менен камсыз кылуу үчүн Адышев көчөсүнө узундугу 1 чакырымга созулган суу түтүгүн куруу иштери жүрүп жатат;
- Көк-Жар суу алгычындагы экинчи даражадагы насостук станциясынын курулушу жүргүзүлдү. Ошондой эле Скрябин, Горький, Ж Пудовкин, Аламүдүн, Көк-Жар кичирайондоруна диаметри 600 мм жана 400 мм болгон 5 буроо орнотуу маселеси каралууда.
- кошумча скважиналарды бургулоо максатында учурдагы Баш-Карасуу (2,0-3,0 га), Сельский (2,0-3,0 га), Контр суу сактагычтардын (4,0 га) аймагын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бешинчиден, жашыл жерлерди ичүүчү суу менен сугаруу суу ресурстарынын чоң коромжу болушуна алып келерин эске алып, Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтары тарабынан рейддер күчөтүлүп, калкка ичүүчү сууну этияттык менен пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мокочо «мончочунун» жубайы Молдобекованы «Альянс» партиясы депутатыкка алып келди. 2007-жылы Атамбаевдин СДПК фракциясы менен парламентке депутат болуп келген Асанакунов 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимовдордун «менчик» «саунщигине» айланган. «Альянс» партиясы менен депутат болгондордун бири Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон сутенерша «Мамочка Гульхан». Гүлкан Молдобекова 2015 –жылы канайым Раиса Атамбаеванын колдоосу менен СДПК фракциясынан депутат, кийин комитет жетекчиси болгон. Анын жубайы Мирбек Асанакуновдун каймана ысымы «мончочу» Ысык-Көл облусунун мурдагы эки жолку губернатору, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, профсоюздар Федерациясынын төрагасы, башкысы эң эле чуулуу жана жоопкерчиликтен качкан ашынган коррупционер, экстра-класстагы аферист жана шылуун. Эл ичинде Мирбек Асанакунов «саунщик» каймана аты менен белгилүү. Анын бүтүндөй «элге каршы» турпатында кандай мамиледе болбосун, түз жүрбөгөндүгүн көрсөтүп турган энди басып коюуга дагы укумдай дагы жер калбай калган. Кайсы жакта иштебесин, мыйзамды сактабай, ызы-чуунун үстүндө жүрөт, болбосо, Атамбаевдин эркеси, Раиса Атамбаеванын жакын курбусунун күйөөсү ар бир жасаган кылыктары үчүн эбак эле түрмөгө камалып, жазасын өтөшү керек болчу.
2010-2013-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки жолу дайындалуу менен ал «Кумтөр» кенинен аймактын социалдык керектөөлөрүнө жумшалуучу төлөмдөрдөн түшкөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун максатсыз пайдалануунун эсебинен эсепсиз байыган.
Мирбек Асанакунов өзү үчүн натыйжалуу, бирок, эң жөнөкөй схеманы ойлоп тапкан. Финансылык кандай которуулар болбосун, социалдык маселелерди чечүү үчүн артка кечеңдетүүлөр (откаттар) түрүндө чегерүүлөрдүн көп бөлүгүн алып турган. Үч жыл ичинде мыйзамсыз алынган суммалар ондогон миллион сомдорду түзгөн. Анын жоруктары жөнүндө көзөмөлдөөчү органдар дагы маалым болушкан. 2014-жылы Ысык-Көл облустук прокуратурасы кезектеги жолу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусуна жана губернатор Мирбек Асанакуновго каршы кылмыш ишин козгогон. Бул «коррупция», «карамагындагы мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо» жана «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.
Бирок, дал эле «Атамбаевдин өзүнөн телефон чалуу» болгондуктан, эргул алардын ишин чымын чакканчалык дагы көргөн эмес. Атамбаевдин сүймөнчүгү суудан кургак чыккан. Бирок, тез эле кызматынан бошотушту, анткени менен, дээрлик эртеси эле күнү «Бишкек» СЭЗдин жетекчиси кылып дайындашат. Ошондой болсо дагы, ЖМК аркылуу эл Асанакуновдун кылмыш иштери жөнүндө кабардар болушту, анда эсеп палатасынын справкасы камтылып, облуста куруу пландаштырылган бир дагы бала бакча, мектеп, оорукана же башка социалдык объектилер курулбагандыгы чагылдырылган. Фонддун элдин муктаждыгына деп бөлүнгөн акчалары асманга чачылган жана эгерде кылмыш иштеринин материалдарына жана ЖМКда жазылган маалыматтарга ишенсек, бул каражаттар каяккадыр жок болуп кеткен, болбосо, Асанакунов өз чөнтөгүнө жымырып алган десек болот жана Атамбаевге таянуу менен өзүнүн жоопкерчиликке тартылбасына ишенип, ал өз аракеттерин жашырган эмес. Мамлекеттен баш-аягы жок уурдагандыгына кыска мөөнөттүн ичинде көп сандаган мончолорду, сауналарды, квартираларды сатып алгандыгы, престиждүү мейманкананы кургандыгы, курулуш компаниясын жана башка жүздөгөн миллион сомдорду чапчыган бизнес структураларын түзгөндүгү факты десек аша чаппайбыз.
Айына 25-30 миң сомдук айлык маяна алган губернатордун ошол убакта көп сандаган менчиги кайдан-жайдан пайда болду? Анын аялы, ошол кезде КРнын ЖК депутаты болуп турган Молдобекова Гүлкан ошончо акча тапса дагы дейли. Белгилей кетчү нерсе, ал убакта Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон «Мамочка Гульхан» катары белгилүү боло элек эле. ЖМКдагы көптөгөн макалалардан улам белгилүү болгондой, ал анын ошол кезде жаңыдан гана сутенерша катары карьерасын баштап жаткан. Аны эми Кудай алсын. «Чимкирик» парламентте парламенттин СДПК фракциясынын депутаты жана КРнын Парламентинин комитеттеринин бирин жетектеп келди. Албетте, бул ийгиликке жетүүгө эмгек сиңирди. Айрыкча, ал үчүн өзү «керектүү адамдарга» узатып турган «кыздары» эмгек сиңиришти, эң башкысы, ал КРнын экс-биринчи ледиси Раиса Атамбаеванын курбусу болгон. Айтмакчы, ЖМКдагы макалаларга таянсак, бул эки айымды бир убакта «Бишкек балдар үйү» аркылуу балдарды соодалоо иши бириктирген, бул кылмыш иши 5 жылдан ашуун убакыттан бери созулуп, аягына чыкпай келе жатат. Албетте, бул башка өңүттөгү тема.
Ысык-Көл облусунун фонду Өкмөттүн токтому менен 1997-жылы түзүлгөн. Ал «Кумтөр» ишканасынын кирешесинен түшкөн бир пайыздын эсебинен уюшулган жана облустун социалдык өнүгүшүнө багытталган. Тактап айтканда, Фонд жыл сайын социалдык программалар үчүн жүздөгөн миллиондогон сомдор менен толукталган. Антсе дагы, таза эмес жетекчи максатка багытталган каражаттарды өзүмбилемдик менен оңду-салды каалагандай калчаган.
Мисалы, эсеп палатасы басма каражаттарынын жарыялоосу боюнча, көзөмөлсүз акчалар агылган, Асанакуновдун үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн «Иссык-Куль» микрокредиттик агенттигине мыйзамсыз акча которууларды токтотуу жана Жети-Өгүз районундагы капиталдык курулуш бөлүмүн таркатуу жөнүндө бир нече курдай көрсөтмө берген. Буга карабастан, көрсөтүлгөн бузуулар жөнгө салынган эмес жана үч жылдын ичинде микрокредиттик агенттикке 40,8 миллион сом «адашып» кирип кеткен. Уурулуктар аныкталгандан кийин Фонддун жана губернатор Асанакуновдун ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүп, 2010-жылдан 2012-жылга чейин «Кумтөрдөн» Фонддун эсебине 962 млн. 118 миң 700 сом каражат түшкөнү белгилүү болгон. Булардын ичинен 2011-жылы кенден Фондго 463 млн. 904 миң 500 сом которулган. Расмий органдар жана Эсеп палатасы аркылуу гана бир жыл ичинде Асанакуновдун 12 млн 110 миң 380 сом акча каражатын мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталган. Жана мунун баары эки күндүн ичинде гана аныкталган үстүртөн алынган маалыматтар.
Текшерүүнүн экинчи күнү бүтүп калганда Ак үйдүн 7-кабатынан чалынган телефондун коңгуроосу текшерүүчүлөрдү аферист-губернатор Асанакунов ээлеген апартаментти таштап кетүүгө мажбур кылды. Ким телефон чалды, биз кимбиз, териштирген да жок. Коңгуроо президенттин линиясынан кагылгандыгына бардыгы ишеништи жана телефонду мамлекет башчысынын кабинетин тазалаган пол жуугуч какты деп шектенүү күлкү келтирерлик болмок. Антсе дагы, Эсеп палатасынан: «Эгерде тереңирээк казганга мүмкүнчүлүк беришсе, Асанакунов короткон андан дагы ири суммадагы каражаттар табылмак» деп билдиришти. Бирок, тилекке каршы, окурман анын коррупциялык жана аялынын коомчулукка каршы, антиморалдык жана мыйзамсыз кылмыш иштеринин артында кимдин кулагы чыгып атканын көрүп турушат.
Асанакунов мырза менен анын аялы – алтынчы чакырылыштагы КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы, СДПК фракциясынын мүчөсү, жетинчи чакырылыштагы парламентке «Альянс» партиясынан депутат болгон Г.С.Молдобекова баюунун булагын кайдан табышкандыгын жана алеки заматта байманасы ашып-ташыганын аңдоо эч кандай деле кыйынчылык жаратпаса керек. Ооба, жообу ачык-айкын: бюджеттик каражаттарды калчоонун эсебинен жана ысык-көлдүктөрдүн жашоо байгерчилигин төмөндөтүүдөн уурдалган акчаларга облустун аймагына социалдык-маданий багыттагы канчалаган объектилерди курса болмок жана Атамбаевдин жана казандык бизнесменша Раисанын, тагыраагы, Атамбаевдин аялынын бийликтен кетишинен кийин бул суроону ысык-көлдүктөр кайрадан көтөрүп чыгышкан. Бул тууралуу дагы айтып берербиз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg