www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Түштүк Африка өлкөсүнүн эли жакшы кабыл алат жана аны эч ким камабайт. Мындай пикирин Түштүк Африканын парламентинин мүчөсү, саясатчы Джулиус Малема билдирди.
Анын айтымында, алар Путинди аэропорттон тосуп алып тиешелүү жерге алып барып, кайра аэропортко узатып коё алышат.
“Чыныгы адам укуктарын бузган, киши өлтүргөндөр ким экенин билген Эл аралык кылмыш сотундагы эки жүздүүлөрдүн буйрук берүүсүнө жол берилбейт.
Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Тони Блэр Ирактын президенти Саддам Хусейнге карата кечирилгис ката кетиришкенин моюнга алды. Бирок эч ким жоопко тартылган эмес. Буш ордунда. Ушул убакка чейин эч кимге кылмыш иши козголгон жок.
Андан кийин Обама Каддафини өлтүрдү. Жыйынтыгында эч ким эч нерсе болгон жок, баары ордунда калды. Ливия кайра калыбына келүү мүмкүнчүлүгү берилбей, жок болду. Баары Американын айынан. Биз баарыбыз жакшы билебиз, “АКШ тынчтык орнотобуз” деген жерде эч качан тынчтык болбойт. Ошон үчүн биздин өлкөбүзгө Эл аралык кылмыш сотунун эки жүздүүлүгү кереги жок.”,- дейт Джулиус Малема.
Ошондой эле ал, Россия Федерациясынын президенти Путинди Түштүк Африка жакшы кабыл алаарын айтып, ким дос, ким душман экенин жакшы билишерин кошумчалады.
Эске сала кетсек, 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгрым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алууга эл аралык ордер берген.
Түштүк Африка Республикасы ушул жылдын август айында өтө турган уюмдун саммитине БРИКСтин бардык өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде Россиянын президенти Владимир Путин жеке өзү катыша турганына даярданып жатканын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg