www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозиция Камчыбек Ташиевдин УКМКнын жетекчилигинен жана Кыргыз министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарынан кетүү жөнүндө маселени кабыргасынан койду. Жакында оппозициячыл "Бириккен демократиялык кыймыл"(БДК) уюму кыргыз-тажик жаңжалына себепкер катары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган билдирүү таратты. БДК жаңы түзүлгөндө бийликти жактагандар "ушулар кантип оппозиция болсун!" деп шылдыңга алышкан. Бирок бул уюм улам бир билдирүү менен чыгып, бийликтин шайын бир топ оодарып салды. Өзгөчө Кумтөр кени боюнча түзүлгөн келишимди, чет жакка белгисиз сатылып кеткен алтын боюнча казып олтуруп, булардын түбүнө жетчүдөй. Анүстүнө айрымдар бул бийликтен кача башташпадыбы. Эмнеге?

Мурдагы вице-премьер Бекболот Талгарбеков УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуу акылга сыйбаган иш экенин билдирди. Анын айтканын карап көрсөк:

"Оппозициянын мындай талабы шашылыш болуп калды.

Биринчиден, согуштун келип чыгуу себептерин, бийликтин иш-аракеттерин толук, терең талдоо керек. Ошондон кийин гана кимди кетирүү маселесин көтөрүшү зарыл.

Экинчиден, мүмкүн бийликтен кемчилик аныгында кетти. Эмнеге анда оппозиция биринчи кезекте Министрлер кабинетинин башчысынан маалымат сурабады? Баткендин элине биз миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Отставка талап кылса, дал ошол сүйүктүү Баткендин элинде гана укугу бар. Көп кемчиликтер кетти, мен аны ачык айтам. Ошол кезде мисалы өкмөт башчынын кайда экенин билбейт экенмин.

Үчүнчүдөн, Баткенде дайыма кара башын сайып маселе чечип жүргөн Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылуу акылга сыйбайт. Мекен, эл үчүн башын тобокелчиликке сайды. Башка бир адамды көргөн жокмун, мынчалык элге күйгөнүн! Ошондуктан, мен бул билдирүүнү колдобойм!", - деди Бекболот Талгарбеков.

Камчыбек Ташиевге жасалган чабуул – бул тактикалык жүрүш. Оппозициянын түпкү көздөгөнү президент Садыр Жапаровду тактан кулатуу, кыргыз өлкөсүн демократиялык өнүгүү жолуна салуу. Ал үчүн алгач президенттин жанындагы күчтүү жетекчини кызматтан кетирүү керек. Ал, албетте, Камчыбек Ташиев. Алсак, оппозиция эмне себептен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбектин отставкасын талап кылбайт? Баткен согушуна биринчи кезекте ошол адам жоопкер да, туурабы? Анткени, азыр Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсү саясый кырдаалга эч кандай таасирин тийгизбейт. Анын бар же жок экени элге дайынсыз, кызыктырбайт деле...

Буга чейин Бириккен демократиялык кыймылдын мүчөлөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен кайрылышкан. Иш Тажикстан Кыргызстанга басып кирген Баткен районундагы төрт чек ара заставасын жоюу боюнча протоколго байланыштуу.

Учурда элибизди Баткен согушу мүшкүлгө салып жатат. Эмнегедир Бишкекти Орусиядагы мобилизациядан качкандарга толтуруп баратат. Эл оозунда төрт-беш миң адам келиптир деген кеп жүрөт. Төрт-беш миң орус качкындары келсе эле кымбатчылыкка бөлөнүп калса, анда шаарыбыз эмне деген шаар,балким андан көп адам качып келди же башка себептер бар. Квартираны алалы шак эле жарым эсе көтөрүлдү. Мындай акчага туйтунуш үчүн жашап жаткан кыргыздарды чыгарып же квартира баасын көтөрүп атышат.

Албетте, мэрдин дагы бир нечелеген үйү болгондуктан ал деле квартиранын кымбаттаганына сүйүнүп жаткандыр. Мындай көпөс качкындары четинен кармап Кыргызстандагы Орусиянын элчилигине бериш керек, патриоттук сезимдери жок качкындар бизди жыргатмак беле. «Маршруткаларда» мындай орусиялык качкындар көбөйө баштаганы байкалат. Кыргызстандык орустар кыргыздарга менменсинбей көнүп, жоошуп калышкан. Орусиялык орустардын качып жүрсө да шовинисттик көз карашы бар. Өздөрү кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөнсүп, кыргыздарды, айрыкча элеттик кыргыздарды "баранга" теңеп турушат. Бизди "баранга" теңеген заман өткөн, азыр бул орустар Казакстанда быкпырдай жайнай баштаптыр. Казак "баурдастар" булар билбесе да казакча кайрылышып жатыптыр. Айласы жок мурдуна суу жеткенде үйрөнүшөт да. Биз деле бир орус келсе, он кыргыз орусча быдылдап ийбей, буларга кыргызча гана  мамиле кыла турган убак келди.

Орусияда жартылай аскердик мобилизация жарыяланып, мурда орус жарандыгын алышкан кыргыздар да согушка бара турган болду. Бул маселе боюнча биздин коомчулукта кайчы пикирлер жаралууда. Бирөөлөр "жарандыкты алган соң жаңы мекенин коргошсун" дешсе, экинчилер "барышпасын" деп жатышат. Бул боюнча мурдагы вице-премьер Бекболот Талгарбековдун пикири кандай:

"Орусиянын атайын аскердик операциясы башталганда биздин президент Садыр Жапаров "бейтарап позицияны кармайбыз" деген билдирүү жасаган. Бул туура чечим болгон. Бирок, бийлик атайын мыйзам кабыл алып, өз жарандарынын да орус-украин жаңжалы боюнча бейтарап болуусун камсыз кылышы керек эле. Бийликтин буга акылы жетпеди. Кыргыз коомчулугу бири орустарды жактаса, экинчи тарабы украиндерге ооп, тынымсыз "тытышып" келе жатышат. Эми жартылай аскердик мобилизация маселеси боюнча да соцтармакта "кырылыш". Муну менен маселе чечилбейт. Маселени бийлик дароо түшүнүп чечиш керек эле.

Мисалы, мен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ордунда болсом, анда Москвага атайын учуп барып, орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп, кенен сүйлөшүп, түшүндүрүп, мобилизация боюнча согушка бара турган кыргыз улутундагы жарандарды Орусиянын жарандыгынан чыгарып, аларга кайра Кыргызстандын жарандыгын бермекмин. Болжолу, мобилизациянын биринчи толкунуна элүү миңдей кыргыздар туш келсе керек. Эгер экинчи толкуну болсо, анда дагы элүү миңдей. Демек, жүз миң кыргыз улутундагы жарандарды кайра Кыргызстандын жараны кылмакмын. Бул менин колумдан келмек".

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости