www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрүнүн максатын постсоветтик мейкиндикти "жарып", өлкөлөр менен элди араздаштыруу. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бөлүп жаруу жана башкар философиясы Батыш тарабынан мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттерине карата активдүү колдонулуп жатат. Алардын максаты – биздин өлкөлөрдү жана элди талаштырууга, пайдасыз өз ара аракеттенүү схемаларын таңуулап, аларды глобалдык процесстердин четине чыгарып салуу", - деди Лавров.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Украинанын “антиорусиялык базага” айланышын мындай аракеттердин эң жакшы мисалы деп атады.

Эске салсак, буга чейин Лавров Евробиримдик акыры автономиясынан ажырап, азыр АКШ аны кийлигиштирген нерседен эбегейсиз жоготууларга учурап жатат деген пикирин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости