www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамендин үйүнө ал кезде кыргызга гана эмес өзбек, казак, каракалпак, тажик, уйгурга аты таанылган Шабдан көп эле конок болуп кетчү экен. Ушундай конок болгон учурда атайылап жашы жетип улгайып токсондон өтүп калган учурунда Ормон хандын жигити болгон Саза баатырды алдырып чогуу отуруп калат. Сөздөн- сөз чыгып Шабдан баатыр: “Кайсы жерге барсам да атам Жантайды Ормон хандын катарына коюп, мактап калышат. Мен ажыга Мекеге барып келдим, менин кадыр – баркым Ташкенге чейин эле экен. Ташкенден ары мени киши деле билбейт экен, бирок Ормон ханды билишет экен. Деги анын кадыр – баркы кандай эле? Менин атам Жантай анын менен тең даражада беле?” –деген суроо берет. Ошондо Саза баатыр бир нерсе айтып берейин деп калат: “Менин өсөөрүм калбай, өлөөрүм калды, чындыкты айтып берейин, калганын өзүңөр ойлоп алгыла дейт. Бир ирет Ормон хан Орто-Токойдо эле. Ага жанаша Жантай конуп калат.Этегине тезек терип жүргѳн Ормондун кабагына кар жаап, мени Жантайды алып келишин буюрат. Жантай кандай турса, ошондой алып кел дейт. Мен ага жетип барсам, Жантай үйүндѳ кепичи жана баш кийими жок, отурган экен” –дейт. Ушул окуяны Саза айтып берип жатканда, Шабдан айтат: «Менин эсимде 12-13 жаштагы бала болсом керек. Бир киши келип атамды жылаңайлак айдап кетейин деп жатканда, атамдын кылычы менен башын жара чаап салайын деп тап берсем, атам «шүк» отур деп белги берген” - дейт Шабдан. «Атаң туура кылыптыр, 12 -13 жаштагы бала болсоң, кылычка колуң жете электе жайлап коймокмун. Ал мезгилде 30 жаштагы хандын кѳзгѳ басаар жигити болсом, кичинекей баланын бир эле шилтеп бөлѳ чаап салмакмын» - дейт Саза баатыр. Саза Жантайды алдына салат, кепичин кийүүгѳ да, баш кийимин кийүүгө да Ормон уруксат берген эмес деп, кийгизбей жылаңайлак, жылаңбаш алып келет. Жантай Ормонго салам айтса алик албайт, малын карап жүрө берет, акыры Ормон сөзгө келип: “Ии малыңды жер-жайнатып жаткан экенсиң, керилип деп” –сөзгө жыгып аныв төө баштаган мал берүүгө аргасыз кылат, ошентип Жантайдын эсебинен малын кѳбѳйтѳт. Ошондо Жантай аркасын карабай кеткен экен.Ормон анын тукуму тың чыгып калды деп бармагын тиштеп калат. Чынында, учурунда Ормон кыйын болгонбу,же Жантай кыйын болгонбу Сазанын айтканын муккандар жыйынтык чыгарышыптыр. Жантайдын уулу Шабдан тың чыгып орустар менен келишип, кыргыз элин бийлеген. Кийин бир топ казактарды Чүйдүн аркы жээгине көчүрүп келип кыргыз болуштугуна кошот. Шабдандын оюу боюнча казактарды кыргызга кошкону менен, октябрь революциясынан соң жер бөлүштүргөндө казактар ээлеген жерди Кыргыз АССРине же азыркы Казакстанга кошот. Ошентип убакыт өтүп кыргыздын жери казактар жашаганы үчүн казактын жери болуп калат. Казактарды кошуп алган соң алар кырк жылкы берсе керек, “Тегин жерден өрт чыкмак беле” Шабдан кырк жылкыга казакка жерди сатып жиберген деген сөз ошондон калган. Ормон хандын убагында азыркы казактын бир топ жерин Ормон көчүп-конуп жүргөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg