www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылдан бери банктар мигранттарды ачык эле тоношту. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 29-декабрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат кардар которууну кайсы валютада жөнөткөн болсо, ошол валютада алышы керектигин жана банктар ачык эле курсту 5 сомго түшүрүп жатканын, бирок алардын таблосунда такыр башка курс илинип турганын айтты.

"Которууну жөнөткөн адам комиссияны төлөп жатат, эмне үчүн банктар бул жактан дагы комиссия алып жатышат?" - ал сурады.

Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков ооба, чындыгында комиссияны жөнөтүүчү төлөйт деп жооп берди.

Икрамовдун айтымында банктар картадан картага которууда чоң комиссия ала башташты.

«Бул да көзөмөлгө алынышы керек. Мисалы, картага доллар менен акча которулса, чоң комиссия алынат», - деди ал.

Ал бул система жөнгө салынбаса, эл банктардын кызматынан баш тартып, учак менен акча ташый баштайт деп эсептейт.

Ушул тапта жыйында “Банктар жана банк иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости