www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы "патриот" өз мекенин сүйгөн чыныгы орусчулдар Украинаны көздөй урушка жапырт жөнөй баштады. Бирок ал жерде да коркок, шалаакы, колунда акча бар "буржуйлар" толтура булар согуштан качып Борбор Азияны көздөй безеленди. Казакстанды болсо тебеледи, Бишкекте, Ташкенде да бар. Орусия болсо мыйыгынан күлүп турат. Анткени 8 миллион калкы бар төрт облусту кошуп алып сүйүнүп отурат. Экинчиден, жартылай мобилизацияны Путин атайын жасагандай, анткени чыныгы орустар согушка жөнөсө, коркоктору качып Борбор Азияны тебелерин билсе керек. Борбор Азиядагы башы иштеген орустар Орусияга көчүп кетишкен, эми Борбор Азиядагы орустардын санын тоң мээлердин, коркоктордун атынан көбөйтүү керек. Алар согушкусу келбегени менен түбү орус, Борбор Азиядагы орустардын санын көбөйтөт. Мурун Орусиянын калкын көбөйтүү биринчи орунда турса эми Борбор азия сыяктуу көңүлдүн борборунда турганжерлерге орустарды жайгаштырбаса да болбойт.  

Орусиянын президенти Владимир Путин жарандар мобилизацияга негизсиз чакырылбай турганын жана ар бир мыйзам бузуу өзүнчө каралышы керектигин айтты. Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте жарым-жартылай мобилизация тууралуу талкуулаган: "Көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлерди мотоаткыч кылып дайындалып калган учурлар бар. Бул эмне? Аскердик тажрыйбасы бар орусиялыктар аскерге чакырылат, "бул талап катуу сакталышы керек". Мобилизацияга алынгандар кошумча окуудан өтүшү зарыл", — деген Орусия лидери.

Ал мобилизацияга негизсиз чакырылгандар артка кайтарылышы керектигин, прокуратура органдары ар бир мыйзам бузууга тез арада чара көрүшү зарыл экенин кошумчалады: "Кетирилген бардык катаны оңдоп, эми аларды кылбаш керек. Кийинкиге калтыруу мөөнөтү деген бар. Маселен, көп балалуу аталар же аскерге чакырылган курактан өтүп кеткендер, өнөкөт оорусу бар жарандар бар. Ар бир нерсеге өзүнчө караш керек. Ката кетсе, оңдогула. Негизи жок чакырылгандарды үйүнө кайтаргыла", — деген Путин. Ошондой эле өз ыктыяры менен келгендерге мобилизация тууралуу так маалыматтар берилиши керектигин белгилеген.

Бишкек Орусиядагы мобилизациядан качкандарга толуп баратат. Эл оозунда төрт-беш миң адам келиптир деген кеп жүрөт. Төрт-беш миң орус качкындары келсе эле кымбатчылыкка бөлөнүп калса, анда шаарыбыз эмне деген шаар,балким андан көп адам качып келди же башка себептер бар. Квартираны алалы шак эле жарым эсе көтөрүлдү.

Мындай акчага туйтунуш үчүн жашап жаткан кыргыздарды чыгарып же квартира баасын көтөрүп атышат. Албетте, мэрдин дагы бир нечелеген үйү болгондуктан ал деле квартиранын кымбаттаганына сүйүнүп жаткандыр. Мындай көпөс качкындары четинен кармап Кыргызстандагы Орусиянын элчилигине бериш керек, патриоттук сезимдери жок качкындар бизди жыргатмак беле. "Маршруткаларда" мындай орусиялык качкындар көбөйө баштаганы байкалат.

Кыргызстандык орустар кыргыздарга менменсинбей көнүп, жоошуп калышкан. Орусиялык орустардын качып жүрсө да шовинисттик көз карашы бар. Өздөрү кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөнсүп, кыргыздарды, айрыкча элеттик кыргыздарды «баранга» теңеп турушат. Бизди "баранга" теңеген заман өткөн, азыр бул орустар Казакстанда быкпырдай жайнай баштаптыр. Казак "баурдастар" булар билбесе да казакча кайрылышып жатыптыр. Айласы жок мурдуна суу жеткенде үйрөнүшөт да. Биз деле бир орус келсе, он кыргыз орусча быдылдап ийбей, буларга кыргызча гана  мамиле кыла турган убак келди.

Өзбекстан ТИМи мобилизациядан качып келген орусиялыктар боюнча абалга комментарий берди. Министрликтин билдирүүсүндө “Орусия Федерациясынын жарандарынын санынын Өзбекстан Республикасынын аймагында көбөйө баштоосу, алардын биздин өлкөдө жүрүшү мыйзамдар менен, эки тараптуу жана көп тараптуу укуктук келишим актылары менен жөнгө салынат. Арасында алардын ыктымал экстрадициясы да бар”, — деп айтылат.

ТИМдин билдирүүсүндө укук бузбаган чет өлкөлүк жарандарды күч менен депортациялоо болбой турганы белгиленген.Орусия президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орусиялыктар, башка өлкөлөргө анын ичинде Өзбекстанга жер которушкан. Орусиялыктардын жапырт агымынан кийин Ташкентте турак жай ижарасы кымбаттады. Өзбекстан өкмөтү Украинадагы согушка байланыштуу бейтарап позицияда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости