www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь президенти Александр Лукашенко эл аралык мамилелердин өнүгүүсүнүн азыркы этабында Минск менен Пекин тышкы саясат жана экономика чөйрөлөрүндө биргелешкен аракеттерди координациялоону күчөтөт деп эсептейт. Бул тууралуу Лукашенконун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын негизделгенинин 73 жылдыгы менен куттуктоо телеграммасында айтылат.

Анда Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында КНР «экинчи кылымдын максатын» турмушка ашыруу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап, улам барган сайын жаңы, гүлдөгөн жана кубаттуу мамлекетке айланып бара жаткандыгы баса белгиленген.

«Эл аралык мамилелердин өнүгүүсүнүн азыркы этабында Беларусь менен Кытай тышкы саясат жана экономика чөйрөлөрүндө биргелешкен аракеттерди координациялоону бекемдейт, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы демилгелерди ишке ашырат деп ишенем.

Ошондой эле, Беларусь-кытай кызматташтыгы күн сайын жаңы элементтер менен байып, ырааттуу түрдө чыңдалууда. 2022-жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында биз мамилелерди темирдей боордоштукка, үлгүлүү ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкка байланыштуу өнөктөштүккө көтөрдүк. Беларус тарап Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуу бара баштады», - деди Лукашенко.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости