www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элчини кызматтан четтетүү сунушун парламенттеги «Элдик» тобу жана «Альянс» фракциясынын жыйынында кабыл алынды. Жыйында «Элдик» тобунун башчысы Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып Орусиядагы элчини кызматтан четтетүү маселесин карап чыгуусун суранды. «Урматтуу президент биздин жарандарды карап, алар менен иштеше турган элчини дайындайт деген ойдомун», — деди ал. Соңунда депутаттар аталган чечимди колдоп берди. «Элдик» тобу жана «Альянс» фракциясынын жыйынында эмгек мигранттарынын маселеси каралып, депутаттар элчинин мигранттардын көйгөйүн чечүүдөгү иштерин сынга алышты.
Орусиядагы мигранттар Орусия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын жана жалпы эле элчиликтин ишине нааразы. Кыргызстандыктардын айтымында алар өз милдеттерин так аткарышпайт, мигранттар менен иштери жок. Жардам сурап кайрылгандарга убагында тиешелүү чара көрүлбөйт. Жакында Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барса чыкпай койгон. Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Орусия Федерациясындагы элчиликтин ишин сынга алган.
«Элчи эжебиз» келгенден бери эл менен жолуккан жок. "Элчи" деген сөз бар, бул эл менен бирге болуш керек дегенди билдирет. Азыркы элчиликте эл менен коммуникация жок болуп жатат. Миллиондогон мигранттардын тагдыры күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат. Эмне максатта элчи эл менен түз жолуга албайт. Бийлик ага тез арада чара көрүп, РФнын элчилигине тең ата сүйлөшө турган, билимдүү адам келсин.
Орусиядагы элчи Клара Самат деген айым эмгек мигранттар менен жолукпай койду, маселени чечүүгө аракет жасаган да жок.. Орусия Федерациясындагы эмгек мигранттардын азыркы учурдагы өтө оор көйгөйлөрүн ким чечет? Эмгек мигранттар Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, бир эле өзүн, же үй-бүлөсүн багып келбестен, Кыргызстаныбызды социалдык жарылуудан сактап келет.
Жакындан баштап кыргыз жарандыгы бар эмгек мигранты жашаган жери боюнча кайрадан регистрациядан өтпөсө, тилекке каршы депортация болгону жатат. Орусия өлкөсү соңку мыйзамды мына ушундай кабыл алышты, ошондой эле 1 миллионго жакын кыргыз эмгек мигранттарын каттоодон чыгарышкан. Болгондо да Экономикалык жана бажылык союздаш өлкө, башкача айтканда стратегиялык өнөктөш Орусия Федерациясы. Анда биз эмнеге союздаш болдук Орусия Федерациясы менен? Орусиядагы элчи Клара Самат деген айым эмгек мигранттар менен жолукпай койду, маселени чечүүгө аракет жасаган да жок. Каяка барсаңар, ошол жакка баргыла дегендей. Тышкы иштер министри Клара Саматка ашыкча сүйлөй албайт окшойт. Же өзү маселени чечүүгө далалат жасаган жок.
Депутаттар жыргап каникулда, Спикер Талант Мамытов мындай учурда кезексиз жыйын өткөрүп маселени кабыргасынан коюп чечиш керек эле. Кандай болгон чакта дагы, эл өкүлүсүңөр. 1 миллион калк, силердин шайлоочуңар жөнүндө сөз болуп жатат. Оштон, же Бишкектен эмгек мигранты Москвага учуп келди, 20000 сомго билет алып. Албетте таанышы чакыргандан кийин, чөнтөгүндө аз гана тыйыны бар. Биринчи ай ошол таанышыныкында жашайт, себеби алгач жумуш табыш керек.
Квартира тапса алгачкы айга 40000сом, жылдын акыркы айына дагы 40000 сом депозит төлөш керек, квартиранын ээсине. Ошону менен бирге 40000сом биринчи айга жашаш үчүн төлөйт. Албетте бир дагы мигрант мындай акчаны төлөй албайт. Ошондуктан бир квартирада 20дан ашык мигранттар жашашат. Регистрацияга коюуга мыйзам боюнча 6 м2 бир кишини каттоого коёт. Үйдүн ээси ашыкча койсо, олчойгон налог төлөшү керек, экинчиден мыйзам жол бербейт. Иштеген жеринен справка алып барса да, каттоого турса да, 2 мигранттын акчасы жетпейт квартирага төлөөгө, алган айлыгы 30-40 миң болсо. Тамак аш кымбат, ата-энесине да акча жөнөтүш керек.
1 млн мигранттардын, жок дегенде 700 миңи кайтып келишсе эмне болот? Бул маселени кийинкиге калтырууга болбойт жакында мыйзам күчүнө кирет. Азыр болгону мелүүн гана "жел" жүрүп жатат, "бороон" боло электе маселени чечиш керек. Орусиянын ар бир шаарында кыргыз мигранты иштейт, азыркы учурда алар "жетим баладай" өз көйгөйү менен өздөрү гана калышты. Эмне кылышаарын билбей жатышат. 1 миллионго жакын мекендештерибиздин тагдыры эмне болот?
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg