www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Ата-Мекендик согушта Сталин өз баласы Яков Жугашвилини согушка жөнөтөт. Ал немецтерге туткунга түшүп калат. Немецтер Сталинград алдында жеңилген фельдмаршал Фридрих Паулюска алмашууну сунуштаганда Сталин: "Солдатты маршалга алмаштайт" деп кесе жооп берген. Путиндин эркек баласы жок, ал эми экс-президент Медведевдин баласы бар. Өз мекенин сатып, каршылаш мамлекетке уялап кеткен Илья  Медведев - Орусия  Федерациясынын экс-президенти Дмитрий Медведевдин согушка жарап турган уулу. Медведев АКШнын жараны, АКШ болсо Орусияны душман катары көрүп Орусиялык жарандарды кара тизмеге алып, камап келатат.

Таң калычтуу, Орусиянын экс-президенти Медведевдин уулун кармамак түгүл мыкты бизнесмен кылып алышкан же Трамп менен ЦРУ аны билбейт дейсиздерби? Мындайча айтканда, Иликең орусиянын эл аралык аренадагы душманы аталган америкада супермаркеттердин тармагына жана май куюучу жайларга ээлик кылат. Американ тилин мыкты билет, англисче чалып сүйлөйт.

Эми ойлонгула, ошол супермаркет, май куюучу жайларын бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бирине Орусияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда курса, иштетсе болот беле? Жанагы Сайдулла Нышанов деген БНМдагы май куючу "заправкалардын" барын басып алып бизнес кылган шоркелдейден мыкты Кыргызстанды гүлдөтмөк. Гүлдөтмөк болчу албетте, бирок эмнеге андай кылбайт? Себеби, Бажы биримдиги экономикалык "өлүк аймак!" Мындай мисалдар толтура! Андан көрө АКШта бизнес кылса, акчасы ашып-ташып турат. Арийне, Илья Медведев атасын Орусия олимпинен кетишине себепкер болду. Путин “Питер командасынан” Медведевдин Америкага суктануусун аяган жок.

Дмитрий Анатольевич Медведев - таанымал орус саясатчыларынын бири. Бирок мурунку президент кесиптик жетишкендиктери менен эмес, өзүнүн күлкүлүү жагдайлары менен орусиялыктардын эсинде калды. Акыркы жылдарда ар бир адам "Единая Россия" партиясынын төрагасынын өмүр баянына кызыкдар. Мисалы, чынында анын ким экендиги маалым болду. Бул эч бир расмий булактарда көрсөтүлгөн эмес. Дмитрий Медведев 2012-жылы Орусиянын президентинен төмөндөп, Орусиянын премьер-министри болгон, эми дагы төмөндөп Коргоо Кеңешинин төрагасынын орун басары болду. Деги анын өкмөт башынан кетишинин себеби эмне болгон?

Дми́трий Анато́льевич Медве́дев азыр Орус коопсуздугунун төрагасынын орун басары.2005-жылы өкмөткө келген, 2008 жылы Орусияга президент болот, ордуна премьер-министр Владимир Путин шайланат. 2012 жылы Владимир Путин президент болот да, Дмитрий Медве́дев өкмөт башчысына келет. 2020-жылдын 15 январынан өкмөт башчысынан кетет, ордуна Михаил Мишустин келет. Мишустин келгени коронавирустан пандемия, анын артынан Украинада согуш башталды. Украинада согуштан улам  АКШ, Канада, Улуу Британия, Жаңы Зелендия, Япония жана Евросоюз Владимир Путинге, Дмитрий Медве́девге, Михаил Мишустинге персоналдуу санкция кийирген.

Жаңы доордогу Орусиянын өкмөт башчылары ким болгон? 1999-жылдын августунда өкмөт  башчысы болгон Владимир Путинди 1999-жылдын 31-декабрында президенттин милдетин аткаруучу, мураскору кылып Борис Ельцин дайындаган соң 2000-жылы 26-мартта президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 2000-жылы 7-майда президенттик инаугурациясын өткөзөт. Путин 2000-жылдын майында «Эки пайыз Миша» атка конгон Михаил Касьяновду премьер-министрликке дайындайт.

2004-жылдын 24-февралында Михаил Касьяновду отставкага кетирип, ордуна еврей улутундагы Михаил Фрадковду премьер-министрге алып келип, Израилден бата алат. 2004-жылдын 14-мартында Владимир Путин экинчи мөөнөткө президент болун шайланып, 2004-жылдын 7-майында президенттик инаугурациясын өткөзөт. Еврей Фрадков 2007-жылдын 15-октябрына чейин өкмөттү жетектеп Виктор Зубковго өкмөттү өткөзүп берет, ал 2008-жылдын 27-мартына чейин премьер-министр болот. 2008-жылдын 7-майында буга чейин өкмөт башчысынын орун басары болуп келген, Путиндин "Питер командасынан" Дмитрий Медведев президент болот да, Владимир Путин 2012-жылдын 7-майына чейин премьер-министр болуп келет. Владимир Путин президент болуп келген соң 2012-жылдын 7-майынан баштап Орусиянын премьер-министри болуп Дмитрий Медведев келаткан. 2020-жылдан баштап бул орунду Михаил Мишустин ээлеген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости