www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүү учурунда "Түндүк агымдагы" кырсыкка баа берип, аны эл аралык террорчулуктун актысы деп атады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.
"Орусиянын президенти "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүнө жасалган соккуга, тагыраагы, эл аралык террорчулук актыга принципиалдуу баасын берди. РФ бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынында көтөрүп чыгат", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Европанын Орусияга каршы санкциялары жана Siemens турбиналары оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткандыктан "Түндүк агымда" иш августтун аягында токтотулган. Бирок түтүк газ толтурулган боюнча калган. Жакында эле Дания менен Швеция мамлекеттеринин бийликтери "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүнүн төрт жеринен газ чыкканын кабарлашты. Алар эки өлкөнүн тең экономикалык зонасында жайгашкан.