www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алашамдыктан улам Максүтовдун чалдыбары чыккан иштеринин бир үзүмү циркте аянычтуу абалга алып  келген. Жапаров мурунтуктап алган Туманбаевди ээрчитип А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды. Ал Иш башкармасы Туманбаевди ноктолобой ээрчитип алгандыктан ал ээ-жаа бербей өзүнө келип турду. Мамлекет башчысы имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Буга чейин бир нече жолу ЖМКларда цирктин аянычтуу абалы тууралуу маалымат тараган. 

Мамлекет башчысы жамаат менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталаарын белгиледи. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер конкурстук тандоодон өтүп жатат. 

Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды. Ошондой эле цирк кызматкерлери тарабынан айтылган маселелер боюнча башка да тапшырмалар берилди.

Жөө тумандай Туманов мите «туманоиддери» менен бийликти каптап келатат. Көрүнгөн бийликке футбол тобундай тепкиленген 12 миллион долларды «чыйт» түкүрүм көргөн Каныбек Туманов деген эңгезердей «клоун» бар. Ал ар кимдин тапшырмасын аткарып, «иттин куйругундай шыйпалаңлап» турганды адат кылып алган. Шыйпалаңдап жүрүп «шефтеринин» көзүнүн агы менен кошо айланчу. Атамбаев, Илмиянов, Жээнбеков деген мойнунан байлап алма кожоюндары оюндан чыкса дагы Туманбаев кийинкиге секирип оюндан эч чыкпай койду. «Хамалеондукту» кудай берген экен. Канга бойолгон «байкушка» боору оорубай, бийликтен жакшы устукан алып калармын, дикилдеп чуркагандыр.

Бийликтин «аурасы» айрандай аппак экенин билген жеткен «трайбалист» Каныбек Туманбаев  калтар түлкүдөй каңшылап, бийликтин жармасына ыктытып турган кербези. Ыктытканда эмне же Каныбек Туманбаев  буга чейин ыктытпай коюптурбу, ал бала болуп, башына жүн чыккандан бери ыктытып келатат. Атамбаев Алмазбек президент болуп турганда бул «алкоголдук синдром» менен өз каалаганын жасай берсин, Икрам Саттарович экөөбүз гана Кыргызстанда тейлейбиз деп, анын шопуру болсо да шорулдата соруп, бийликти бекем мыкчып калган. Садыр Нургожоевич чет мамлекеттен өз мекенине кайтып келаткан учурда Икрам Илмиянов менен бирге аны кежигеден кармап туруп түрмөнүн түбүнө тыгып, калп каткырып «высокоуважаемый» Алмазбек Шаршеновичке жүгүнүп баргандардын бири Каныбек Туманбаев. Алмаз акеси ого бетер опурулуп, ого бетер «алкоголдук синдромго» кирип, аны тирүүлөй жанчкыла дегенде, Каныбек Туманбаев Жапаровду канга бойогону эмгиче эл эсинен кете элек. Балким сүрөтүн көрсө эстеп кетер. Президенттик жарышка Икрам Илмиянов талапкердигин койсун деп итиреңдеп чыккандардын бири. Бирок Сооронбай Жээнбеков президенттик жарышка койгондо кайдан-жайдан экени белгисиз Асылбек Жээнбековдун кыйбас иниси боло калып, ал жердин шыбагасын соруп ичкен. Хамалеончо өзгөрүп турган Каныбек Туманбаев Жээнбеков бийликтен кетер менен Жапаровдун кол алдына сойлоп кирет да Кыргыз темир жолун көздөп калат. Кыргыз темир жолун жердештерине толтурган соң, Иш башкармачылыгы көздөй оогон Туманбаев бийликти каптады. Анын жасакер кошоматчылары сүрөөн болуп бул жакка ооп келгени менен «Кыргыз темир жолун» сүлүк курттай жапырт соруп турган  жердештери калышты.

Каныбек мырза, чет элдик ишкерлерден 12 миллион доллар алдап алганы чын-төгүнү билинбей кетти. Мамлекеттик кызматкер артынан сөз ээрчитпеген, таза элге үлгу болушу керек. Кадр тандоодо төгөрөгү төп келсе, анан маанилүү жумушка алуу парз. Эл аралык практика ушундай дыкаттыкты талап кылат. А биздечи? Ушул өңүттөн бир мисалга токтололу. Эмесе, ачык-айкындуулук үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев тууралуу сөз козгоп көрөлү. Учурдагы майлуу кызматына акчанын күчү менен келгени ырас. Анткени, «жүз досуң болгуча, жүз долларың болсун» деген принципти эш туткан Каныбек Туманбаев бул кызматка келиш үчүн кимдин көзүн кызартып доллар чачканы айтылбай келатат. Мурдагы шефи Икрам Илмияновдун артынан телчигип, байып алганынан улам доллар деген мында мол. Эми Илмияновдун эмне кереги бар? Азыр аны менен катташпай калды. 2020-жылы «Биримдик» партиясынын алдынкы катарында парламенттик шайлоого аттанган. Тизмеге кирүү үчүн 1 миллион доллар төлөдү деген кеп чыккан. Ошол партиянын «серый кардиналы» Асылбек Жээнбековдун алдына Аскар –Тоо болуп, эрини эбиреп-жебиресе «лесепет» менен космосту көздөй сызып жөнөчү. Эми болсо Асылбек Жээнбеков менен жылуу мамилеси үзүлгөн.

 Башынан мамлекеттик кызматта иштебей эле президенттин иш башкармалыгын жетектөө өтө оорчулук жараткаы менен, акчанын кулу болуп калган Каныбек Туманбаев бир гана «акчанын» принциби менен иштей баштагандыктан өөн деле сезилген жок. Каныбек Туманбаевге карата коллектив тымызын түрдө нааразы. Маанилүү кызматты алып кетүүгө тажрыйбасы жетпегенин түшүндүрүштүн кажети жок. Улам келген бийликтин лөктөрүнө жол таап, тез эле арбап алган Каныбек Туманбаевдин сыры эмнеде? Көз боочу, же сыйкырчылык жайы бар окшойт. Көз бойомочулукту кандай жол менен баштаганын айтып берсе, элге да үйрөнүп алып жакшы болот эле...

“Ала-Арча” мамлекеттик паркына асфальт төшөлүптүр. Азганакай чакырым. “Бул ишти президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жасады” дешип, блогерлер соцтармактарга жазып чыгышты. Фейктер “жетишкендикти” айландырышып, таратып бүтө албай жатышты. Кызык. Бир эсе таң каласың. Эч кандай эрдик эмес, туура түшүнгүлө, Каныбек Туманбаев кылса, милдети да.Президенттин же өкмөт башчынын тапшырмасын аткарып аткандыр. Мамлекеттик кызматтын этикасын ойлобойбу? Бул эргул пиарщиктерине тымызын буйрук берип коюп, өзү көлөкөдөн жыргай береби? Ансыз да “короздой” болуп жүргөнүнө, ишти профессиналдуу деңгээлде алып кете албаганына коллективи нааразы экени каңкууланды.

Ишенимди актайбы, же иритеби?  Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Икрам Илмияновду этектеп, Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде Асылбек Жээнбековго жабышып, “Биримдик” партиясынан талапкер катары шайлоого аттанып, кийин заман өзгөргөндө кубулуп кеткеничи? Алардын башын аттагандай, эртең башка лидердин чачпагын көтөрүп чыгабы? Улам келген бийликтин эле эбин таба бербесе керек. Келечекте бир жеринен “илинип” калбайбы?

Каныбек Туманбаев ишин алып кете албай, коллективге ыңгайсыздык жаратканы каңкууланат. Икрам Илмияновдун шопуру катары аты чыгып, оңой келген байлыкка туйтунуп, кийин коммерсант катары көзгө көрүнгөн Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгын жетектеп отурат. 2020-жылы “Биримдик” партиясына демөөрчүлүк кылып, парламенттик шайлоого аттанган. Аягы кандай аяктаганын билесиңер... Кептин ток этерине келсек, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок Туманбаев ишин тартып кете албай, коллективге ыңгайсыздык жаратып, ыргылжың абал түзүлгөнү каңкууланды. Маанилүү кызматка билими жана деңгээли төмөн кадрды апкелүү менен артка кетүү кимге керек эле? “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дейт эмеспи. Анык адис, профессионалдарды кызматка качан тартабыз?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости