www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухамметкалый Абылгазиевдин убагында өрдөк дегенде жантыгынан жата калган Эмил Жамгырчиев деген болгон. Алтынбек Сулайманов деген аты алтын болгону менен өзү коло депутат учурунда Ысык-Көлдү тейлейм деп жулунуп ордун Эмил Жамгырчиевке бошотуп берген. «Пиардан» башкага колу жетпеген Сулайманов көлдү оңдурган деле жок. Ал эми Жогору Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев менен ошол кездеги Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго өрдөк филеси боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Эменүчүн деген суроо туулат. Колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү болуп, экөөнүн кылмыштуу аракетине байланышкан иш, мышык-чычкан оюну болуп жатып, акыры "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп бүттү.

Дегенибиз, Эмил Жамгырчиев Финполдун жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошол учурда Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Бактыбек Калмуратов экөө контрабанда менен келген өрдөк филесине байланыштуу 50 миң доллар пара алууга айыпталып, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Алдамчылык", "Коррупция" статьялары менен кылмыш иши козголуп, кармалышкан. Анан эле, "мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыяндын ордун толтурушту, жабырлануучу доодон баш тартты" делип кылмыш иштери кыскарып, акталып кетишкен. Иштин мындай камырдан кыл сууругандай бүтүшүнө экөөнүн өкүл атасы премьер-министр болгон Мухамметкалый Абылгазиевдин таасири тийгени айтылган.

Кийин бийлик алмашып, Сооронбай Жээнбековдун жакын адамы саналган Абылгазиев өзү кылмышка шектелип камалып, этиң тургай табагыңды таап ал болгон абал жаралып, "крыша" болуп калкалоочу адам жок, Эмил Жамгырчиев жана Бактыбек Калмуратовду актаган соттун чечими кайрадан бузулуп, кылмыш иши жанданган болчу. Анан минтип кайра эле "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей, козголгон кылмыш иши токтотулуп отурат. Сыягы, тоок уурдасаң тутулуп, өрдөк уурдасаң кутулат окшойсуң.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости