www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцария парламенти бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Анын ичинде хиджаб кийүүгө тыюу салуу да бар. Бул тууралуу Bloomberg маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин эле бул демилгени калктын басымдуу бөлүгү колдоп келген.

2021-жылдын февраль айында элдик добуш берүү болуп, анын жыйынтыгында Швейцариянын калкынын 51%ы мындай кийимдерди кийүүгө тыюу салуу үчүн добуш берген. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мыйзам бузуу үчүн айып пул 1116 долларга чейин болушу мүмкүн.

Bloomberg белгилегендей, консервативдүү Швейцариянын Элдик партиясы тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда мусулмандардын сынына кабылган. Исламдык кыз-келиндер тобунун басма сөз катчысы Инес аль-Ших “Швейцарияда паранжа кийген 30 гана аял бар” деп ырастады.

Өлкөнүн юстиция министри Карин Келлер-Саттер референдумдун жыйынтыгына комментарийй берип жатып, Федералдык кеңеш жана Швейцария парламенти бетти жапкан кийимдерге тыюу салууга каршы экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, чектөө штатта жашаган мусулмандарга багытталган эмес.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости