www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эскини эстен чыгарбайлы, Төрөбаев БШКга арызданып жүрүп, Ташиевдин талапкердигин алдырып салган. Ташиев- Төрөбаев тиреши 2015-жылы парламенттик шайлоодо апогейине жеткен. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы «төккөн жугундуга» чыдабай Ташиев Төрөбаевдин эң жакын адамдарынын биринин тумшугун түздөп койгон. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына арызданып жүрүп, Камчыбек Ташиевдин талапкердигин «Республика-Ата-Журт» партиясынын тизмесинен алдырып салган. Бул спектакль РАЖдын тең төрагасы, Төрөбаевдин мурунку жетекчиси Өмүрбек Бабановго жага бербей калды. Бабанов жеке бийлик жүргүзүп РАЖ партиясына добуш топтоп берген Ташиевдин «Ата-Журт» партиясы бөлүнүп кетти. Ал эми парламентте калган Жыргалбек Саматов сыяктуулар куугунтук жешип, парламент депутаттыгынан айдалды.
Төрөбаев - Ташиев тиреши ошол бойдон тынчып калган жок парламенттен Төрөбаевдин демилгеси менен сүрүлүп калган Ташиев АКШга кетип калган. 2016-жылы мартта Ош Кеңешине шайлоодо «Ата-Журт» партиясы менен Төрөбаевдин тагалары көпчүлүктү түзгөн Ош шаарында шайлоого катышты. «Тагасы көптүн, балаасы көп» -дейт Бакыт Төрөбаевге махалля «махать» этип жылдызы жанды. 2016-жылы кышкы шайлоодо да бул тиреш уланды. Хамалеондой өңүн улам өзгөрткөн Төрөбаев, кечээки өнтөлөп добуш чогултуп жүргөн кишилерге каршы чыгып калыптыр. Төрөбаевдин тагалары Түштүк аймагында добуш берсе берер, бирок кыргыздын бир канаты Түндүк хамалеондой тез кубулуп турган Төрөбаевке кантип ишенмек:
1.Төрөбаевдин тагдыры азыркы миллионер-олигархтардын тагдырына окшош. Мектепти кыйратып бүтүрбөй, кыргызча чала сүйлөп, арифметикадан сабатсыз Бакыт Төрөбаевди депутат атасы Эргеш Төрөбаев акчанын күчү менен жогорку окуу жайынан окутат. Арифметиканы билбегени менен тагаларын тартып пул санаганды ой-да үйрөнүп Бакыт мирза фирмага атасынын жөлөгү менен келет. Ачыгын айтыш керек улуту башка болсо да энеси ыраматылык жакшы киши эле, Эргеш Төрөбаевчилеп энергетиканы казып жеген жок. Өзбек электоратын бир канаты катары эсептеген Бакыт Төрөбаев аллах ыйман берсин, энесине куран окуп турганы менен аркы дүйнөдө жөн жаткызбады. Кайсы өзбек махаллясына барса да: «Менин анам кыргыз эмес» - деп баса белгилеп, улут аралык касташтырууга жар чакырып келүүдө. Ушундай хамалеондордун айынан эки ирет 1990-жылы жана 2010-жылы этникалык кагылыштар чыкканын, аны Ташиевге окшогон кыргыз жигиттери ок кубалап жүрүп токтотконун эрен албаган Төрөбаев өзбек махаллясына барып кыргыз элин ушактаганы аз келгенсип, кыргыз тили мамлекеттик тил экенин да эсинен чыгарып салат. Болбосо, 2015-жылы парламенттик шайлоодо буту үзүлгүчө чуркаган Бакыт Төрөбаев эмне үчүн рекламаны өзбек тилинде жазган. Мунун негизги себеби, биринчиден, тагалары аркылуу добуш топтоо болсо, экинчиден, партия лидери болсо да сабатсыз Төрөбаев мыйзамдарды түшүнбөйт. Ага мыйзамдан пул жогору турарын, тил боюнча мыйзамда Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил экенин окуп да көрбөсө керек. Мейли Төрөбаевдин махалляларын сыйлайлы, өзбек калкы ортодо «чп» болуп кеткени болбосо тагдырлаш калк. Бир гана ичтин күйгөнү эмне себептен аларга барып тынч жүргөн кыргыз элин ушактайт? Кийин да Бакыт Төрөбаев ушагын баштаган, эми Камчыбек Ташиев аз келгенсип Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн ушак айта баштаган. Сабаты али жоюла элек Төрөбаев бир топ жыл ичинде сабатын жоюп деле ийбептир, Төрөбаев президент болсо асмандагы айды алып берет экен. Эмне кимге? Өзбек «ашыналаргабы?», аларга Төрөбаев жээни жок эле, Акаев «асмандагы айды алып берген. Бир кезде партия жетекчиси катары кортеж сыяктуу машиналарды ээрчитип жүргөн Бакыт Төрөбаев президент болсо «кортеши» жок жүрөт экен. Мейли «кортежи» жок жүрсүн, бирок анын 6 тамгадан бир ката кетирип турганы үчүн президент кылабызбы? Же бир ууч өзбек махаллясы сыйлайт деп президент кылалыбы? Же президент болсо кортежи жок жүрөт экен деп добуш берелиби? Бакыт Төрөбаевдин калпына тоюп бүттүк, кана 2015-жылы парламенттик шайлоо убагында сүйүнчүгө 50 миң сом берем дегени? 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда кокус өтсөк Бишкекте жүрүү бекер болот деп добулбас урбады беле? Бекер жүрөбүз деп ишенгендер «Өнүгүү-Прогресс» партиясын Бишкек Кеңешине шайлап койду эле, эми алар ушул шайлоо бүтсө жол жүрүү баасын кымбаттатканга добуш бергени турушат. Депутат Төрөбаевдин уулу, «ашыналардын» жээни депутат Төрөбаевдин демагогдук саясаты ушундай.
Шайлоого байланыштуу ушуга окшогондор Жириновский сыяктуу «Ысык-Көлгө» акаарат айткан саясатчыларга жетип барышып пул сурашат экен. Ордуна кокус президент болуп калса, кыргыз жеринен беребиз дешип. Эмне кыргыз жери т алаада жатыптырбы? Муну Жириновский маалымат каражаттарында балп эттирип салды, бирок ким экенин даана айткан жок. Буюрса жакында анын да аты угулат. Депутат катары кыргыз тилине ыдык көрсөтүп келаткан Бакыт Төрөбаевге айтарым, сизди махалляга «президент» кылып алышсын, «майли кортежи жокта барың, майли кортеж менен барың, лекин» ортого от жаккандай болбоюн, кыргыз эли жашыруун жатып алып сүрөөнчү болуп жаткан Төрөбаев сыяктуу былгытмалардын сөзүн укпай калган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg