www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунда "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык, 103 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Төөлөс, Көк-Бел жана Гулистан айыл аймактарынын кезектеги 103 жаранынын жашап жаткан турак жайлары мамлекеттик каттоого алынып, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, мамлекеттик актылары берилди.
Документтерди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев тапшырды.
"Мындан ары мыйзам талаптарын так сактап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, архитектура, мамлекеттик каттоо органдары ушул мыйзамдын алкагында берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө бүтүрүүсү керек", - дейт ал өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районунда жарлыктын негизинде 205 жаранга мамлекеттик актылар тапшырылган.
Булак: NazarNews.kg