www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аскариддер» кара мүртөз, мите-паразиттер адамдын ичегисине жабышып алышып чүчөк кылышат. Кыргыздар жөн эле чүчөк курттар деп коюшат. Салымбеков Аскарды кара мүртөз да, мите-паразит деп да атоого болбойт. Арийне, жанында «Аскариддер» жандап жүрөт. Аскар аганы олигарх кылган дагы бир Аскар (Акаев) «Аскариддери» менен деп жүрүшөт. Андай деле эмес 90-жылдары Аскар Салымбеков Аскар Акаев болбосо деле «Дордойун» түзмөк. Аскар акеси Аскар үкасын Нарынга гүбүрнатыр кылат, үкасы сүйүнүп кетип Майрам Акаева аукционго койгон тортун жыйырма миң долларга көтөрүп сатып алат. Таң калбай эле коюш керек, ал кезде мыкты үйлөр 2,5 -3 «мың» доллар болуп турган, Аскар Салымбеков сатып алган баага 7-8 үй келмек. Бирок, Аскар акеси 7-8 үйгө суктанып деле кеткен жок, анын оюу «Дордойду» алуу болгон.

Ошол үчүн Аскар Салымбековго көңүл кош мамиле жасап парламенттик шайлоого аттанууга түрткөн. Ал талапкердигин койгон округка Оштун губернатору дагы бир Ат-Башынын күркүлү Накен Касиев талапкердигин койгон. Эки гүбүрнатыр тытышып отуруп акыры Аскар Салымбеков жеңип чыгат. Жаңы депутат болгон Аскар үкасын Аскар Акаев дагы чоңойтобуз “Дордойуңду” бер десе, ичинен сөгүп унчукпай турду. Ал ойлонуп жаңы депутаттардын шаасы болгон Бермет Акаевага барып ийилгиче Аскар акесинин бийлиги кулап калат да ордуна келген Бакиев Аскар Салымбековду Бишкекке мэр кылып жиберет. Көп деле иштеп жарыткан жок, дыргаяктап кайра бат эле депутаттыгына келди. Бакиевдин бийлигин жакшы пайдаланды, депутат катары комитетти жетектеп жүрүп, 2010-жылдын февралында чалкасынан кетти. Бишкекке келген нарындык митингчилерди жашыруунун жашырун, ачыгын ачык финансылап жүрүп 2010-жылдагы бийлик алмашууга чоң көмөк көрсөткөн. Отунбаеванын оң колу болуп жүрдү эле, дагы бир мульти-миллиардер Атамбаев Салымбековду көп деле жактырган жок. Акеси Мамытбай депутат болгону менен өзү бийлик тарапты жал-жал карап жүрдү. Кыргызстанда үч мульти-миллионер болсо, Атамбаев менен Бабанов саясат менен алпурушуп, ошол жактан гүлдөштү, саясат алардын тамырын да кыркты. Салымбеков саясатка жутунган жок. Атамбаевдин убагында “Дордойго” көз артуу болду, бербей койду эле Бажы биримдигине кирип “Хоргос” базарына жол ачып берип, “Дордойду” бутунан чалды. Салымбеков “Бүтүн Кыргызстан” менен биригип чыкты эле Адахам Мадумаров экөөнү тең былтыйта чапты.

Жээнбековдун учурунда бийликтин жүрүшү Аскар Салымбековго көнүмүш болуп бараткан. Жапаров бийликке келгени Бишкек шаардык Кеңешке партиясын алып чыгып биринчи оюнда жеңип чыкты. Аны жаратпай койду эле экинчи оюнда да жеңип чыкты. Бирок парламенттик шайлоого жакын жолобой койду. Билбейм бир-аз коркок чалыш Аскар Салымбековго бийлик тараптан шайлоого партияң менен катышпа деген көрсөтмө келсе керек.

Эмгек маймылды адамга айлантса, “Эмгек” адамды  олигарх кылат. Фридрих Энгельс “Эмгек адамды жараткан” –деген китебинде адамдар маймылдан жаралган, эмгек ушул даражага жеткизген деп кан-какшап тактап жазган. Улуттук университеттин тарых факультетин марксизм-ленинизм идеяларына терең сугарылып окуган Аскар Мааткабылович “Эмгек” адамды элден бөлүп олигарх кылып жаратканын далилдеди. Салымбеков эмгектенди, “Эмгек” партиясын түздү, коронавирус башталганда Кытайга 50 миң маска берди, Салымбековдор династиясын курду. Бизнес менен саясатта көп эле алпурушту. Эми ансыз деле саясаттан оолак карманган Салымбеков саясатты көргөндө үркүнчөк жылкыдай үркүп кетет. Ошондуктан, ал жакка бала-бакыраларын гана аралаштырат. Саясат деген бирде алаканда, бирде камакта, бизнесин буудайдай чачып шүмшүк кылат. Эмнеси болсо да жүз миңдеген адамды “Дордойу”, “Эмгеги” менен иштетип жан бактырган Салымбековго эл “рахмат” айтып жүрүшөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости