www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салымбеков Аскар

«Гладиатор»

Байыркы Римде гладиаторлор өлүмгө башын байлоочу. Азыркы гладиатор Салымбеков мышмыйып жатып алып бийликке ким  келсе жүрөгүн ДЗОТко тосуп берет. Өз эмгеги менен ишкерчиликтин жогорку чөйрөсүнө жеткен Аскар мырзаны «тёзкасы» Аскардын заманында да, андан кийинки замандарда да көрө албагандар  көп болгон. Анткени алар бийликтин жардамы менен ашап жеп байыгысы келишсе да, алдында таза эмгеги менен бизнес жасап жаткан Салымбеков турса эмне кылат. Салымбековдун элге жасаган кызматын санабай эле коёлу, анткени барагыбыз жетпейт. Ал үчүн жүз барактуу гезит болуш керек. Ал кийинки заманда эле нарындык мекенчилерди колдогону эле канчалык жүк. Апрель революциясынан кийин элдин коопсуздугун коргогон жигиттерди өз демилгеси менен колдоп, канчалаган материалдык жардам берип турду. Ушундай эл үчүн кымбатчылык заманда датын айтып, жардам сурап баргандардан жардамын эч аябайт дешет. Бирок бул сөз жүзүндө гана, пиар үчүн, иш жүзүндө Салымбековду деле «битир» дешет. Мүмкүн мактаныч үчүндүр. Анткени кыргызда мындай макал пайда болуптур, «Даттангың келсе Алымбековко бар, мактангың келсе Салымбековко бар» деген. Салымбековдун мактанчаак экенин көп деле адамдар биле бербейт, арийне Салымбековдун эл үчүн жасаган кээ бир иштери элге жетпей аткансыйт.

Руслан Казакбаев

«Чегиртке»  

Чегирткедей туш-тарапка секирген, акыл үйрөткөн жагынан алдыга кеткен Бабановчул бир дипломат бар. Бабанов, Казакбаев добушу карыш баскан сайын жаңыра баштады. Учурда эмнегедир боло турган чоң толкунду күтүп бийлик элитасы курчуй баштады, толкуп чалкып, чамгарактап. Куда болушуп, өкүл ата болушуп жең ичинен биригүү бара –бара күч алды. Жапаров-Жээнбеков, Атамбаев –Бабанов, Муралиев-Салымбеков, Казакбаев- Сыдыков сыяктуу адамдар биригишип, чайналашып-чарпылышып туру. Бийликтегилер  камыр-жумур болушуп бириккени менен, арийне, бир казанда кайнабай турат. Ушундай учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев  уулун үйлөнтүп “Ала-Тоо” ресторанында чоң той берди. Тойго президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден башка болгон чиновниктер барышты. Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу, Жапаровчу болушуп, башкача айтканда ак көз, кара көз дебей текши чогулуп катуу күүлдөштү. Канткен менен Руслан мырза мыкты дипломат эмеспи, эч кимди бөлбөй баарынын башын кошуптур. Тойдун шарапатына ылайык, уулуна Үсөн акенин уулу , Түштүккө кадыр-баркы кенен, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады. Биринчи баласынын өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болчу.

Гүлнара-Клара Самат

«Мымра»

Орусиядагы мигранттар Орусия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын жана жалпы эле элчиликтин ишине нааразы. Кыргызстандыктардын айтымында алар өз милдеттерин так аткарышпайт, мигранттар менен иштери жок. Жардам сурап кайрылгандарга убагында тиешелүү чара көрүлбөйт. Жакында Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барса чыкпай койгон. Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Орусия Федерациясындагы элчиликтин ишин сынга алган.

 «Элчи эжебиз»  келгенден бери эл менен жолуккан жок. "Элчи" деген сөз бар, бул эл менен бирге болуш керек дегенди билдирет. Азыркы элчиликте эл менен коммуникация жок болуп жатат. Миллиондогон мигранттардын тагдыры күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат. Эмне максатта элчи эл менен түз жолуга албайт. Бийлик ага тез арада чара көрүп, РФнын элчилигине тең ата сүйлөшө турган, билимдүү адам келсин.

Орусиядагы элчи Клара Самат деген айым эмгек мигранттар менен жолукпай койду, маселени чечүүгө аракет жасаган да жок.. Орусия Федерациясындагы эмгек мигранттардын азыркы учурдагы өтө оор көйгөйлөрүн ким чечет? Эмгек мигранттар Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, бир эле өзүн, же үй-бүлөсүн багып келбестен, Кыргызстаныбызды социалдык жарылуудан сактап келет.

Бакыт Аманбаев

«Чириген картошка»

Бакытты Ош базарда тачки сүйрөп жүргөн кезде көтөрмөлөп КТРКда башкы директор болуп турган таякеси Молдокасымов түз эле коммерциялык директор кылган. Ошол бойдон ээрден түшпөй келатат. Анын таякеси Атамбаев президент болуп турганда өз даңазасын чыгаруу үчүн чоң аракет кылды. Анан тойбой кетти окшойт, ата-тегин даңазалай баштады.

 Америкада элчи болуп, курсагы ток, кайгысы жок жүргөн Бакыт Аманбаев жакында кызматынан кетет экен деп жатышат. Анда-санда Фейсбукка чыгып, ар нерсенин башын айтып акыл айтып калганы болбосо, элчи болгону эч нерсе кыйраткан ишин көргөн жан жок. Деги эле, колунан иш келбеген, деңгээли тушардан ашпагандардын амбициясы аттын башындай болуп, оозун ачышса эле он сегиз миң ааламдан кеп кылышат экен. Бирок, ымтырашкан менен ар кимдин этегине эрмешип, жакасына жармашып бийликтен кетпей айланып-тегеренип жүрө беришет көргөндөрдүн көзүн жоорутуп. Айтайын дегенибиз, элчиликтен кетсе Тышкы иштер министрлигине министрдин орун басары болуп келип калышы ыктымал. Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт деген ырас окшойт. Муну кадрдык кризис деп коёт. Тышкы саясатты билимдүү, эрктүү, кыраакы дасыккан дипломат жүргүзүш керек, Аманбаевге окшогондор эмес. 

Бул Бакыт Аманбаев дагы кооз сүйлөп, калп патриот болгонду мыкты өздөштүргөндөрдүн бири десек жарашат. "Мекенчил" партиясы менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышканда, элге: "Биз бийликке келип калсак электр энергиясындагы коррупцияны кан буугандай токтотобуз. Ортомчулар 1кВт/саат электр энергиясын 12 тыйындан сатып алып, элге 77 тыйындан, 700 кВт/ сааттан ашса, 2 сом 16 тыйындан сатып жатат. Биз ошолорду токтотуп, арзандатабыз",- деген. Мына андагы табакташ, санаалаш, үзөңгүлөштөрү бийликтин сересинде отурушат. Электр энергиясын арзандатмак түгүл, күнүнө эки маал өчүрүп, тарифтин баасын бери жагы 1 сомго көтөргөнү жатышат. 

Аманбаев чындап элдик киши болсо, шайлоодо айткан убадасын эстеп, "койгула, шерменде болобуз, эл кууп чыгат" деп үн катып койсо болмок. Болбосо, ансыз элчиликтен кетет экен. Энергетика министри кылып, баягы айткан жомогуңдун өтөөсүнө чык деш керек. Ай таң, ал деле колунан келбейт. Буларды сүйлөтүп эле койсо болду.

Аида Исмаилова

«Аристократка»

Кыргызстандан оор дартка чалдыккан 10 жаранды Корея Республикасында бекер дарылоо боюнча биргелешкен кыргыз-корей долбоору талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова билдирген.Элчи Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстан Корея Республикасы менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга кызыккандыгын билдирген: "Биздин өлкөлөр ортосундагы медицина тармагында, атап айтканда, өзгөчө чөйрөдөгү жогорку адистештирилген докторлордун жана профессорлордун тажрыйба алмашуусунда кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледим.

Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунда Кыргыз Республикасынан келген студенттердин жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында биргелешкен билим берүү долбоорлорун, атап айтканда, университеттин филиалын, медициналык пункттун, ооруканасын же медициналык окуу жайын ачуу маселеси талкууланды", - дейт элчи Исмаилова. Андан сырткары, жолугушууда Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Кемёнг университетинин ортосундагы кызматташуу меморандумунун ишке ашырылышын, ошондой эле Кыргызстандан оор дартка чалдыккан 10 жаранды Корея Республикасында бекер дарылоо боюнча биргелешкен кыргыз-корей долбоору талкууланды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости