www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кошелок»

Арзыбек Бурканов

«Ар замандын өз чуркулдайы бар» дегендей ар бир замандын «куркулдайы» же «кошелогу» бар. Акаевдин заманында мындай миссияны Малабаев деген Бажыны соруп турган адам аткарчу дешет. Ал эми азыр болсо Баткен тарапты балтайтып турган Арзыбек Буркановдун мойнуна бул түйшүк түшүптүр. Арзыбек Бурканов негизи «кошелоктук» милдетти так аткарып жүрөт.

“Тико”

Турсунбек  Акун
Бул каймана ысымдын ээси ким деп атасызбы? Экс омбудсмен Турсунбек  Акундун “кличкасы” ушундай. Эмнеликтен экенин туюп атсаңыз керек. Көлөмүнөн улам ушундай каймана ысымга ээ болгон. Корейлердин өндүрүшүндөгү “Тико” автоунаасы автоунаалардын “миниатюрныйы” болсо, сакадай бою сары алтын Турсунбек  Акун Кыргызстандагы аткаминерлердин “миниатюрныйы” окшобойбу. Жакшылап үңүлсөк, “Тико” “кличкасы каарманыбызга куп жарашкандай. “Тико” темир тулпары сапаты, ыңгайлуулугу менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанбай кое албайт. Барбаган, жүрбөгөн жери жок. Чакандыгынан улам автотыгындарда ыңгайлуу келип, буйтап-суйтап атып жеткирчү жериңе бат жеткирип коёт эмеспи. Анан “Тико” автоунаасынын темири консерванын идишиникиндей эле жука, назик эмеспи, Турсунбек  Акундун да нервинин жука экени жамы журтка дайын. Билгендер анын болбогон нерсеге албууттанып, ачууланып, нерви ойноп кетмейи бар экенин айтышат.

"Көтани"

Өмүрбек Субаналиев
Өмүрбек Субаналиевдин "Көтани" деген каймана аты бар. Себеби өзүн-өзү «Каттани» атап алган бул генералды 2010-жылы бийликке келген Алмазбек Атамбаев бул «Каттани» эмес «Көтани» деп атап, ошол бойдон элге сиңип кеткен.

“Алпкара”

Аалы Карашев
Убагында вице-премьер болуп жүргөн Аалы Карашевди тар чөйрөдө "Алпкара" деп тергеп коюшат экен. Мындай каймана аттын берилишин башкы себеби Атамбаевдин убагында балдызы башкы прокурор болсо, бир учурдагы генералдык прокурор , Конституциялык соттун төрайымы болуп келген илибой саясатчынын башына чай кайната ала турган Чолпон Баекованын карачечекей күйөө баласы. Арийне "кайын журтун кыйынбы?" деген тамаша ыр дал ушул Аалы Азимовичке жарашат.
Ал эми экинчи жагдайы Аалы анан Карашев деген аты менен фамилиясын бириктирүү менен "Алпкара" ысымын ыйгарышыптыр. Ыйгараганда да кыргызга аттын кашкасындай таанымал белгилүү эле чоң киши койгон экен.

«Тендербай»

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев вице-премьер болуп иштеп турганда анын «Градиент» фирмасы тендер болсо эле жабыша калып, утуп чыга калчу. Мамлекеттик 110 тендерди жарым миллиард менен жайлаган Тайырбек Сарпашев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости