www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1928 -жылы кыргыздар араб алфавитинен латын алфавитине өтүшүп, 12 кылым эмес, 12 жыл пайдаланышып 1940- жылы кириллицага келишип, ошол бойдон ырыс кешиктүү пайдаланып келатышат.Учурда кайрадан оромпой тээп латын алфавитине өтөбүз дегендердин деми суубай жатат. Оромпой тээп жүрө беребизби? Латын алфавитин элибиздин көпчүлүгү билет, анткени чет тил катары англис, немец, француз тилдерин окушат. Учурда кириллицадан качкандар көбөйүштү. Орусияга каршы тарапта англосаксондор АКШ, Улуу Британия жана да латын алфатиндеги Еврошаркет: Германия, Франция жана башкалар турат. Ушундай мезгилде көнгөн кириллицаны таштап кетүү адамкерчиликке жатпайт.Президент Жапаров Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.
Түркия мурун эле латын алфавитинде, Өзбекстан билинбей Каримовдун убагында латын алфавитине өткөн. Казакстанды Назарбаев латын алфавитине жетелеген, Түркмөнстан, Азербайжан латын алфавитине өтөбүз деп турушат. Кириллица алфавитиндеги Кыргызстан. Түрк мамлекеттер уюму өлкөлөрү бирдиктүү алфавит түзүү маселесин талкуулап жатканда кириллица алфавитине өтүшү мүмкүн эмес, өтсө латын алфавитине өтүшү мүмкүн. Бирдиктүү тил процессин тездетүү жана түрк мамлекеттерин жалпы алфавитке өткөрүү үчүн комиссия түзүлгөнү белгиленген. Анын курамына түрк мамлекеттеринин тил саясаты менен алектенген расмий структураларынан экиден мүчө кирет.
Комиссия бирдиктүү алфавит тууралуу докладды уюмдун Аксакалдар кеңешине киргизет. Анын биринчи жыйыны Кыргызстанда өтөрү жана датасы такталып жатканы айтылды. Түрк мамлекеттери уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан кирет, Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу өлкө катары турушат. Мүчө мамлекеттерде Кыргызстандан башкасы латын алфавитин колдонот.
Социалисттик идеологиянын башкы принциптеринин бири мамлекетти жалпы тоталдык сабаттуулукка жетелеп, билим берүүнү акысыз кылган. Жергиликтүү тилдерди көтөрүү демилгеси кагаз жүзүндө калып, орус тилине өзгөчө басым жасаган. Ошондуктан, өз эне тилин билбеген маңкурттар көбөйүүгө дуушар болгон. Орусиянын курамындагы кыргыздарда 1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин сабаттуу адамдар аз эле. Башка республикадагылардай эле Кыргызстан да сабатсыздыкты жоюп, 1928-жылдары буга чейин колдонуп келаткан араб алфавитинен ошол мезгилде популярдуу болуп турган латын алфавитине өтүү башталат. Буга чейин араб алфавитин пайдаланып келген кыргыздар эми жаңы латын алфавитине өтүп кайрадан сабаттуулукка, латын алфавитин үйрөнүүгө тийиш эле. Бул процесс токтогон жок, арабдан оруска секиртпей, ортого латын арибин кыпчып 1941-жылы согуш башталаар алдында кыргыздар кириллицага өтөт.
Скиф, гунн, сак жана башка миңдеген тилдер жок болушуп «өлүк» тилге айланышкан. Аларга салыштырмалуу кыргыз тили байыртан жашап келатат. Союз убагында борборубуз Бишкекте 68 мектептин бирөө гана № 5 кыргыз мектеби болгон, кыргыз тили кор болгон. Жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Шамшиев жана башкалар жазганыбызды кыргызча окуй албай, кыргыз тили өлүп баратат дешип ачуу үндөрүн чыгарышканы менен элге үлгү көрсөтпөй өздөрү балдарын орус тилинде окутушкан. Исхак Раззаков жетектеп турган учурда 1958-жылдын 14-майында БКнын бюросу орус мектептеринде кыргыз тили окулсун, Касым Тыныстановдун жана Молдо Кылычтын тандалма чыгармалары өзүнчө жыйнак болуп чыксын, окумуштуулар булардын чыгармаларын изилдеп, орусча, кыргызча журналдарга сын макалаларын чыгарсын деген чечимдерди кабыл алат. 1960-жылы 4-январда БКнын ошол эле бюро мүчөлөрү 1958-жылы чыккан чечимдерин жокко чыгарат. Бул токтомдор отуз жылдан кийин 1989-жылдын 23-сентябрында гана жокко чыгарылып, кыргыз тили мамлекеттик тил катары токтом кабыл алынган.
Кыргыз тили көргүлүктү көргөн: 1928-жылы арабдан латынга, 1941-жылы латындан орус алфавитине өткөнбүз. Учурда Түркмөнстан, Өзбекстан латын алфавитине өттү, Казакстан латын алфавитине өтүүгө даярданып жатат. Эми кошуналар латын арибине өтүп жатканда, Кыргызстанда болсо латын алфавитине өтүү учурдун маселеси эмес, биз Баш мыйзамыбызда кыргыз тилине мамлекеттик тил берип, орус тилине официалдуу тил берип келатабыз. Бирок улуу тилдигине салып мамлекетибиздин көп жерлеринде кыргыз тили өгөйлөнүп келатат.
1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил макамын алган кыргыз тили мамлекеттик тил боло алдыбы? Ал кезде Кыргыз ССРи СССРдин курамында он беш республиканын бири болгон. СССР мамлекетинин мамлекеттик тили орус тили эле. Кавказда, Балтика боюндагы республикаларда кайра куруунун шарданы менен өз республикаларында өз тилдерине мамлекеттик макамын берип жатышкан. Компартиянын башында Апсамат Масалиев турган Кыргыз ССРи да батылдык кылып кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.
Аскар Акаев президент болуп келгенде кагаз жүзүндө болсо да кыргыз тили мамлекетик тил болгон. Кокус ГКЧП жеңип кетсе кыргыз тили мамлекеттик тил катары кагазда эле калмак. Көп мамлекеттерде өз тили өгөй тил катары эл арасында гана колдонулат. Ал эми англис, француз, испан, орус тилдерин бийликтегилердин айлана-чөйрөсү колдонушуп, эл менен бийликтин ортосунда тымызын ажырым болот. Албетте, дүйнөлүк тил керек, бирок кимдерге керек? Мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен чет мамлекеттерге саякаттаган көпөстөргө. Ал эми капчыгы жука калың эл өз мекенинен чыкпаса ага кыргыз тилден башка эмне керек. Башка мамлекеттер ашына Өзбекстан, Тажикстанда титулдук тил союз убагынан бери колдонулуп келатат. Ал эми биз менен Казакстанда бул көйгөйдү жаратып келатат. Орус тилин билбегендер бир жери кем сыяктуу сезилет. Парламентте кыргыз тили күч алганы менен, бийлик тарапта орус тилин билбегендерге басым жасалбайт. Орусияда жогорку билим алган Аскар Акаев кыргыз тилинде эл сүйлөп, ал эми бийликтегилер орус тилинде сүйлөшүү үчүн орус тилин официалдуу кылып мыйзам түрүндө бекиткен.
Роза Отунбаеванын мөөнөтү аз болгондуктан кыргыз тилине көңүл бөлө турган убакыт болгон жок. Бирок үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда кыргыздын улуттук элечегин кийип келип, чет элдиктердин суктануусуна ээ болгон.
Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда кыргыз тили өгөйлөнүп, кыргыз тили көп жылдар боюу кагаз жүзүндө гана мамлекеттик аталып, ал эми президенттик жана мэрди шайлоолордо Кыргыз тил боюнча комиссия түзүлгөнү менен бийликтин жетегинде калып, кыргыз тилин билбеген кейбирлерди деле талапкер катары өткөрүп турган. Орустар менен бирге өскөн Алмазбек Атамбаевдин да үй-бүлөсү, айлана –чөйрөсү орус тилине басым жасап, кыргыз тили таштанды катары унутта калган.
Сооронбай Жээнбеков президент болгону кыргыз тилине колдоолор көрсөтүлүп турду. Көпчүлүк президенттик жыйындар, чет өлкөлүк лидерлер менен сүйлөшүүлөр мамлекеттик кыргыз тилинде өтө баштады. Бийликтегилер президенттин кыргыз тилинде сүйлөшөрүн билип, кыргыз тилинде таза сүйлөөгө аракет кыла башташкан. Кызмат керек экен кыргыз тилин таптакыр билбегендер кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышып, тез аранын ичинде үйрөнүп чыкканы жакшы жөрөлгө. Кыргыз тили эми гана мамлекеттик тил даражасына көтөрүлүп баратканда артты көздөй кетпесек экен деген тилек.
Садыр Жапаровдун убагында кыргыз тилине өзгөчө басым жасалды.Мамлекет башчысы Каныбек Осмоналиев менен кыргыз тилинин абалы, аны өнүктүрүүнүн келечегин жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелерин талкуулады. Президент жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Ал мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын көрүп жаткан чараларын канааттануу менен белгилеп, бардык жарандар тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды:
“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ар беш жылда программа кабыл алынат. Аны ишке ашыруу үчүн 380 миллион сом каралат. Бирок, тилекке каршы, соңку беш жылда мунун алкагында бир дагы мультфильм тартылган эмес. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев бөлүнгөн каражат буга чейин формалдык иш-чараларга жумшалып келгенин кабарлады: "Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө мультфильм, кино тартууга олуттуу көңүл бурулуусу зарыл. Бул багытта ар беш жыл сайын концепциясы кабыл алынып турган мамлекеттик программа бар. Аны ишке ашырууга беш жылга 380 миллион сом каралат. Каражат тиешелүү министрликтерге, ЖОЖдорго жана мамлекеттик ЖМКларга бөлүнүп берилет. Бирок буга чейин ал акчага формалдуу түрдө эле иш-чаралар өтүп, тилди өнүктүрүүгө алардын кошкон салымы чабал болгон. Мисалы, балдар үчүн мультфильм тартууга жана башка тилдерден которууга болгону 8 миллион сом чегерилген. Бул абдан аз. Андыктан мындан ары аталган багытка 23 миллион сом бөлүнмөй болду. Биз мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз десек жеткинчектерибиздин дүйнө таанымынан башташыбыз керек. Азыр алгачкы кадамдар башталып, кыргыз эл жомокторунун негизинде 80 мүнөттөн турган эки сериялуу анимациялык фильм тартылды. Аны биздин улуттук каналда иштеген өзүбүздүн адистер ишке ашырды. Ушул жылдын май айында элге тартууланат", — деди Осмоналиев. Ал мультфильмдерди которууда балдардын аң-сезимине жеткирип жаткан идеологиялык багыттарына олуттуу көңүл бурулушу зарылдыгын кошумчалады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg