www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Искеналиев деген кочкорлук атактуу эстрада ырчысы бар.  Ырчы болуп тапкан гонорарын ал ханайымдарды искеш үчүн коротот. Бул да өзүнчө хобби, айрыкча күйөөсү камакта жаткан экс- президенттердин кайта-кайта миң кубулуп сүрөткө түшөм дегенде өлүп кетет. Анын Раиса Атамбаева менен сейрек кездешүүчү экзотикалык сүрөттөрү балким бир көргөзмөгө жарайт.  Секс-бомба Съездбек Искеналиев Раиса Атамбаева менен эмнеге жолугушкан? Белгилүү эстрада ырчысы Съездбек Искеналиев кыргыз киносунун көркүн ачып көптөгөн мыкты эркектин ролдорун аткарып жүрөт. Голливудда же Болливудда, мына бул эле Орусияда мыкты эркектин ролун аткарган киноартисттер өздөрүн «секс-бомбабыз» дешип сыймыктанышат. Кыргызстанда этикадан чыкпай «секс-бомбабыз» деп айтышкандан уялат, бирок сулуу кыз-келиндерди көрсө эле сүрөткө түшө беришет. Съездбек Искеналиев деле чыкыйып экс-канайым Атамбаева Раиса Минахмедовна сыяктуулар менен сүрөткө түшө берет.

Азыркы заманда элдин басымдуу көпчүлүгү Атамбаев дегенди угушканда жипкиринишерин көрүп жатабыз. Ага жабышкан кара көөнү "айна" менен эки жыл тынбай жууса да кетпей жүрүп, эми гана унута баштады. Атамбаевди кимдер гана жамандабайт, «жеткени жети муштайт, жетпегени эки муштайт». Ушундай оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө көзү өткөндөр менен иш жүргүзгөн Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Атамбаевди сотко берди. Социал -демократтар партиясы Бишкекте жеңгени менен парламенттик шайлоодо адамдын боору ооруй тургандай аянычтуу аутсайдерлердин катарына кошулган. Атамбаевдин бири Бишкекте, экинчиси Жогорку Кеңеште депутат.  Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору  Атамбаевге негизсиз каралап, ар-намысына шек келтиргени себеп болгонун белгиледи. Ошондой эле Атамбаев аны «билимсиз, коррупционер»- деп ар кандай ушактарды таратканын кошумчалады.  Муну менен катар Бишкек 24 басылмасын дагы сотко бергенин шардана кылды. Ой кетет эмне себептен Атамбаев Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директорунав жабышып алган, же бул жигит да жөн жүрбөгөн, кылтылдама адамдардын биридир, болбосо экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жакындарынандыр. Ошол үчүн Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору  тилин безелентип: «Кадырбек Атамбаев негизсиз эки жолу каралаган ушактарды тараткан. Бул боюнча жеке телефонуна бир нече жолу чалсам албай койду. WhatsApp мессенджерине жазсам жооп бербей койду. Жогорку Кеңештин депутаты, агасы Сейит Атамбаевге да кайрылгам, бирок жолугушуудан качып туруп алышты. Ошондуктан ар-намысымды коргоо максатында сотко кайрылууга туура келди»— деп күжүлдөп жатат да.

Кадырдын энеси Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү. Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө 2017-жылы бийлик алмашкандан кийин алда неден чоочулап, бирде ажылык сапарды шылтоолоп, бирде апасынын ден-соолугун бетине кармап эле Кыргызстандан качып калган болчу. Бирок 2018-жылы аны кармап келишип өз жазасын өзү тарткан..

Көрсө ал эч кандай апасынын ден-соолугуна камкордук көрбөй эле Татарстандын борбору Казан шаарындагы экс-канайым Раиса Атамбаева түптөп койгон бизнеске көзөмөлдүк кылып жатканын маалымат булактары жазып чыгышууда. Тактап айтсак, ал бизнести Атамбаевдин заманында Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы менен Икрам Илмиянов биргеликте көзөмөлдөөчү экен. 2018-жылы Илмиянов Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенден кийин эле жада калса Орозо айт күнү элибизди куттуктап коюуга жарабай, ден-соолугун шылтоолоп эле жүргөн Алмаз Атамбаев Орусияга жеңесинин тажиясын шылтоолоп шашылыш жашырынып жөнөгөн. Дурусураак шылтоо табаалбаганына өзү деле бир аз кейисе керек, бирок анын бул жолку сапарынын негизги максаты жогорудагы себеп эмес, Казан шаарындагы бизнесине сарсанаа болгонунан улам жасалган сапар болгон экен. Ал Орусияга барып, ал жактан өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бирине ошол Казан шаарындагы бизнесин «жакшылап иштет» деп тапшырып келген дешет.

Демек, ал өгөй баласына же Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласына ишенбей турганын түшүнө берсек болот. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыккан. Алмазбек Атамбаев саясаттан обочолонуп калгандыктан, Атамбаевдин жолун улантууну каалашып Сейит, Кадыр деген балдары - "Социал-демократтар" же Кыргызстан социал-демократтар партиясы деген аталыш менен жаңы партия түзүшкөн. Ирина Карамушкина ушул партияга өтүп, саясатта “сары ооз” балапандар Атамбаевдин уулдары үчүн “серый кардиналдын” милдетин аткарып жүрдү. Атамбаевди жиниктире таманын жалап жүргөн Адил Турдукулов тиешелүү учурда Атамбаевдин жан –шеригине айланып, эми кайрадан Алмазбек Атамбаевдин балдарынын саясый көрөңгөсү жок деп ай –ааламды жаңырта кыйкырып, кайра мактап жүрүшөт. Мында Адил Турдукуловдун "бул көрүнүш Алмазбек Атамбаевдин балдарынын саясый көрөңгөсү жок экенинин далилдейт. Алар ушундай оор кырдаалда партияны бир муштумга бириктирүүгө басым жасап, идеялаш саясатчыларды бир партияга чакырыш керек эле. Бирок, Атамбаевдин балдары өздөрүнчө кайрылуу жасап, ар кандай иш чараларды өткөрүп жатат" деп кейигенинде негиз бар.

Адил Турдукуловдун кимдир бирөөнүн “Социал-демократтарды” бөлүү буйругун аткарып жаткандыгын четке каккан эмес. Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын, ошондуктан жаңы СДны күчтөп жатканын, мындан ары жаңы партиянын бардык иш чаралары күчөтүлгөн режимде чыгары белгилүү болууда.  Туй акени башкы идеолог кылып алышып, жогоруда айтылгандай иштерди жасашкан АШАнын балдарынын бул жоруктарын саясый рейдерлик катары гана баалоого болот. Бир партияны түзө коюп, аны эч кандай легитимдүү иш чараларсыз экинчи партиянын мураскору деп жарыялап, анын атрибутика, символикаларын пайдаланганы чыныгы уятсыздыктын жеткен чеги эле. Эмне дебейли, КСДП алардын атасынан түздөн түз мураска калган "Форум", "Апрель" же Кой-Таштагы 2 гектар жерди ээлеген хансарай эмес, коллегиалдуу саясый уюм. Эгерде АШАнын балдары андай жол менен эки КСДПнын бирине мураскорлукка жетишсе, эч ким эч нерсе демек эмес. Бирок, андай мыйзамдуулукту эске албастан атасы убагында жазуучуларга бөлүнгөн 60 миллион рублди, Арашандагы эс алуу жайын, "Нооруз" кафесин, Ө.Текебаевдин "Сентябрь" телеканалынын мүлктөрүн тартып алып, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо, жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр чубалгылары линиясын, Чолпон-Атадагы ат майданды курууда, Тарых музейин оңдоп, ремонттоодо ири коррупциялык долбоорлорду ишке ашыргандай эле балдарынын да экиге бөлүнгөн партиянын бир жагын тартып алышканы - алардын ыймансыздыктары, бетпактыктары жагынан атасынан да ашып кеткендиктерин айгинелейт.

 Бизде бир эмес, он партия жоюлуп кетсе деле, алдыга оозуп бараткан партияларга мүчө боло коюп, чоң кызматтарга жетишкендер деле кабагым кашым дебестен башка иши жүрүшө баштаган партияга өтүп кетишет. Экс-президент Атамбаев СДПК партиясынан жана анын клондору болгон башка партиялардан депутат болуп келген парламентке «чимкириктер» -деген көрүнүктүү наам берген. Анын жинденип «ПК» тамгасын жыга чаап СД партиясын түзгөнү тууралуу айттык. СДПК партиясы сыяктуу СД партиясы саясаттан сүрүлүп, ара жолдо жүрө баштады. 2020-жылдын 4-октябрында миллиондорду чачкан СД партиясы парламентке өтпөй калып, аябагандай жеңилүү ызасын тартып, АКШнын жардамы менен башаламандык уюштуруп, лидери Атамбаевге эркиндик алып берген. 2020-жылы мурунку президенттин уулдары – Сейид, Кадырбек, ошондой эле аларга кошулган Темирлан Султанбеков өткөн жылы жеңил ойго жетеленишип кайрымдуулук менен Атамбаевдин акчасын сапырып “шоу” уюштурушкан. Алар психиатриялык ооруканада жаткан балдарга жардам алып келишип, ал жердеги бейтаптар менен камерага кучакташып сүрөткө түшүп, же болбосо “саясий туткундарга” алыс эмес жерлерде өткөрүп берүү үчүн самса бышырышат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 10 миллион 262 миң сом короткон “Кыргызстан социал-демократтары” шаардык кеңешке кирүү үчүн зарыл болгон 7% добуш топтой алышкан эмес. Кайра шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине СД партиясы өтсө дагы парламенттик шайлоого Жогорку Кеңешке караандабай калды. Аламүдүн округунан Атамбаевдин биринчи жубайынан уулу Сейид Атамбаев алдыга чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости