www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш балдардын психологиясына терс таасир берип жаткан интернет булактарындагы башаламан маалыматтар боюнча Казакстан, Өзбекстан кандай чектөөлөрдү киргизип жатат? Мындай суроону депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнө салды.

"Өзбекстанда бул боюнча атайын президенттин алдындагы көзөмөлдөөчү орган түзүлгөн. Алар контент боюнча мониторинг жүргүзөт. Балдардын психологиясына терс таасирин тийгизе турган маалымат болсо, дароо бөгөттөшөт", - деп жооп берди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева.

Депутат Атазов жоопко канаатанбай, дагы бир жолу тактоо ирээтинде суроо салды.

"Сизди сөздү көбөйтпөй так жооп берсеңиз. Алар да бизге окшоп жаш балдардын психологиясы бузулуп жатса, ич кийимдерин башына кийип алып Тик Ток тартып жатса деле колубуздан эч нерсе келбейт деп, чара көрбөй жатышабы?, - деп сурады депутат.

Жазгүл Кийизбаева Өзбекстан чара көрүп жатканын билдирди.

Депутат Атазов эмне себептен аталган министрлик бул жаатта чара көрбөй жатканына кызыкты.

"Силерге улуттун келечегинин кереги жокпу? Же Афганистан болуп кетебиз деп коркуп жатасыздарбы?", - деди Атазов.

Аталган суроого Кийизбаева контентти Маданият министрлиги көзөмөлдөөрүн билдирди.

"Эмне үчүн биздин жаш балдарды бузуп жаткан, уяттуу нерселерге көңүл бурбай жатасыздар? Же колуңардан келбейби?, - деп суроо салды Атазов Маданият министрлигинин өкүлүнө.

Аталган министрликтин башчысынын орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу бүгүнкү талкууланып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса контентти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк болоорун билдирди.

Орун басардын жообуна канаатанган депутат Атазов аталган мыйзам долбоору кыргыз улутуна керектигин баса белгиледи.

"Чет өлкөнүн концепциясын колдоп жүргөн арабыздагы айрым кесиптештер Афганистан болуп кетебиз деп жатат. Эч кандай андай болбойбуз. Бул мыйзам долбоору менен биз кыргыз улутуна, жаштарга кол салып жаткандарга чектөө коёбуз. Андыктан бул эң сонун, татынакай мыйзамды колдошубуз керек", - деди Атазов.

Атазовдун пикирин кесиптеши Балбак Түлөбаев да колдоду.

Белгилей кетсек, палраментте «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутат Джамиля Исаева баяндама жасап, суроолорго жооп берди. Алсак, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости