www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы Кахов ГЭСиндеги жарылуудан кийин кеминде 7 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда аталган шаардын мэри Владимир Леонтьев билдирген.

"Биз азыр дайынсыз жоголгондор боюнча маалыматты тактап жатабыз, бирок жоголду делген жарандар суу каптаган аймактардан эвакуацияланган болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, Днепрдин сол жээгиндеги Корсунка айылы толугу менен суу астында калган. 

Эске салсак, кечээ, 6-июнда Украинадагы Кахов ГЭСинин платинасы жарылып, жашоочулар эвакуацияланган. Укргидроэнерго билдиргендей, ГЭС толугу менен талкаланган жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости