www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ширшовдук коррупция менен жүргөн Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул энергетика министри кызматынан кетирилди. Ширшовдук коррупция менен жүргөн министрдин айынан электр кымбаттабайбы, элкышкы сууктан үшүйбү?  Буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Бекмурзаев Ширшов сыяктуу электр тармактарында коррупциялык иштерди жүргүзгөнүн каякка катабыз? Энергетикадан пайда тапкан Ширшовдун коррупциялык схемасы менен мындай:

1. Жок эле, ойлоп табылган абоненттерге Ширшов миллиардаган КвТ энергияны бөлдүк деп кагаз жүзүндө жазып, дебитордук карыз кылышып, коммерциялык чыгымга жазышкан. Ал энергияны сатышып, миллиардаган акчаларды «сол» чөнтөккө салышкан.

2. Контролер менен абонент ортосундагы коррупция. Уурдалган «свет» үчүн контролер абоненттен «наличка» акча алган, бир азын мамлекетке  төгүп, тиешелүү акчаны «чиновниктерге» берип, тиешелүү акчаларды өзү алган. Контролерду тааныш менен коюшкан, элден акча жеп жашагандыктан аябай престиждүү кызмат болгон.

3. Электрэнергияны чет мамлекетке сатуудан түшкөн пайда. Чет өлкөгө 1 КвТ энергияны 1 центтен сатып жатабыз дешет, чындыгында 3 центтен сатып, 2 центтен канчалаган миллиардаган КвТтан, миллиардаган доллар капчыгына түшчү. Мыйзамсыз сатууну жабыш үчүн коммерциялык жана техникалык чыгымдарда өтө көтөргөн.

4. Ортомчу фирмаларга электр тармагын арендага берип, түшкөн акчалар. Ал учурда Токтогул ГЭСинде электрдин өздүк наркы арзыбаган тыйын эле. Ортомчу компаниялар Токтогул ГЭСинен 7 тыйынга электрди сатып алып, 70 тыйынга элге сатышат. Мамлекеттик ишканалар андан да көп  тыйындан сатып алчу, алардын электр тармактарын оңдоого кетире турган акча каражаттарын, жеке ортомчу ишканаларда капчыгына салышчу. Ортомчу фирма болуш үчүн лицензия алуу оңой, башкысы Ширшовдун өз кишиси болуш керек. Ширшов албетте, «доляга» турчу. Атамбаевдин учурунда да Ширшовдун коррупциялык схемасы колдонула турган. Таза иштегенби же «каза» иштегенби билбейм, «Кыргызавтомашэнерго» ортомчу ишканалары тууралуу  ал кезде президент Атамбаевге каршы: «Бул фирма Токтогул ГЭСинде 14 тыйындык электрди, элге 2 сом 16 тыйындан сатып пайда көрүп жатат» -деп жазган элек. 2014-жылы 27-декабрда Атамбаев маек куруп жооп берген: «Кыргызавтомаш» Акаевдик, Бакиевдик бийлик менен таза үчүн иштеген. Сейтек компаниядан кетти, Саид эмне үчүн менин бийлигим учурунда иштебеш керек, принцип үчүн ал иштейт. Эгер ал күнөөлүү болсо аны камап салсын» - деген. Атамбаев өзү айтып жатат «Кыргызавтомаш» Акаевдин учурунда эле түзүлгөн деп. Атамбаевдин  балдары жетектеген ишканага кайсы министр даап сүйлөй алмак эле? Атамбаев балдарын саясатка аралаштырган жок, бирок өзү айткандай Саид Атамбаев энергетикада ортомчу фирманы тейледи. Министрди мындай койолу, премьер-министр: «Саид Алмазбекович фирмаңыз менен энергетикадан кетип калыңыз» -деп көрсүнчү, атасы Атамбаев эртеси өзүн Үч-Коргондон таанытып, жалаа жаап туруп каматып коймок.

5. Ширшовго тиешелүү энергетика ишканалары ар кандай жабдыктарды алуу үчүн тендер жарыялашып, атайын өз ишканаларын тендерден өткөрүшүп, жабдыктарды башкалардан арзан сатып алышып, Ширшовдун ишканаларына кымбатка сатышып, ортодо миллиардаган пайдаларды көрүшчү.Муну кийин ТЭЦти оңдоордо Сапар Исаков кайталады.

6. Акчага маарыган Ширшов Казакстандын Амангелдин газ кенинен контракттан тышкары газын арзан баада сатып алып, «Кыргызгазына» кымбат баада сатышчу. Ортодо түшкөн «маржа» Ширшовдун капчыгына куюлуп турчу.

7. Коррупция деген Ширшовдун схемасы боюнча 2010-жылга чейин Энергетика тармагында гүлдөп: коммерциялык жоготуу 30 пайызга, кээ бир жерлерде 50 пайызга жетип турган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости