www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алар Лахта-Борборунда курулуш иштерин жүргүзүү үчүн келишкен. “Прайдекс” иш берүүчү компаниясы кыргызстандыктарды жатаканага жайгаштырып, үч маал тамак менен камсыздаган.

“Кыргызстандык жарандар Сергей Боткин атындагы Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, суу жана тамак үлгүлөрү алынган”, - деп белгилешти КР ТИМден.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын тактоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости